Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбөкөн Таштанбеков: “Эки тараптын аксакалдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө, маселе батыраак чечилет эле”

Акбөкөн Таштанбеков: “Эки тараптын аксакалдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө, маселе батыраак чечилет эле”

03-февраль, 18:00
845 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акбөкөн Дүкенович, сиз “жок эле проблемаларды көтөрүп, абалды курчутуп жатабыз” дедиңиз. Демек, көйгөйлөрдү көтөрбөш керек дейсизби?

-- Көтөрүш керек. Бирок, туура көтөрүү керек да. Мисалы, “куралдуу күчтөрүбүздү чыңдаш керек” дейбиз. Эми ойлоп көрүңүз, бир жыл билим алган журналист күчтүүбү, же эки жыл билим алганбы? Тажиктердин жоокери эки жыл кызмат кылат. Биздики бир жыл. Айырмасы эки эсе болуп атат. Ошондуктан, маселени чечүүнү мектептен баштап, СССР кезиндегидей баштапкы аскердик даярдык сабагын киргизүү зарыл. Аскерге жарамдуу курактагыларды мезгил-мезгили менен сборго чакырып, даярдыктан өткөрүп туруу керек. Орустун жакшы сөзү бар, “согуш болушун каалабасаң, согушка даяр бол” деген. Эмне үчүн жүздөгөн жыл эки эл ынтымактуу, зым тосмосу жок жашап, акыркы он беш-жыйырма жылда чабышып калдык? Ошол маселени да көтөрүшүбүз керек да. Кошуна жашаган эки эл мурда бири-бирин түшүнчү. Азыр кыргыздар тажикче, тажиктер кыргызча тил билбейт. Эки тарапта тең орусча билбегендер көп. Айрыкча жаштар арасында. Бул да чоң көйгөйлөрдүн бири. Биз бала кезде аталарыбыз алдыда туруп, ошолор сүйлөчү эле. Биз артта унчукпай турчубуз. Азыр карасаңыз, жаштар алдыда. Жаштар курч, дароо эле таш менен уруп баштайт. Тилекке каршы, аларды “кой” деп тыйган, токтоткон аксакалдар жок. Ошондуктан, бул маселени комплекстүү чечүү керек. Менин жеке оюм, эки тараптын аксакалдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө, маселе батыраак чечилет эле. “Бул биздин колхозго таандык жер эмес беле?” деп ошолор жакшы билишет...

-- Сиз Ооган согушунун катышуучусу эмессизби, учурда канча ардагер калды?

-- Беш миңдин тегерегинде. Жети миң сегиз жүздөй болчу. Арасында башка жакка көчүп кеткендери, же кайтыш болуп кеткендери бар. Жаш кезекте аябай биримдикте болчубуз. Убакыт өткөн сайын көп байланыша албай калдык. Элүүдөн ашып калды да баары. Райондордогулар чогулуп, иш-чараларды өткөрүп турушат. Армияда чогуу болуп, согушту бирге көргөндөр баары бир унутулбайт тура. Андан кийинкилер болсо поюздагы жүргүнчүлөр сыяктуу экен. Бир станцияга келгенде бирөө кирет, экинчиси түшүп калат... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер