Адилет Айтикеев бийликтин сый-урматына татый тургандай эле кызмат кылууда


Дээрлик аппарат, “фейк фабрика” жасай албаган жумушту Адилет Айтикеев жалгыз аркалап, Камчыбек Ташиевди сындап, компроматтарды жайып, айтор, талкалоого багыт алды. Мындай күрөш улана берсе, аягы кандай тамамдалат? Ошол эле кезде ташиевчилер да куру калышпай (колдоочулар арбын экен), Адилетке “отпор” беришип, чегинчүдөй түрлөрү жок. Ошентип, күрөш күүсү чыңалып эле баратат. Бул “согуштун” сыры эмнеде? Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого аттана турган эң күчтүү талапкерби? Ошон үчүн саясаттын көңүл борборуна айланган кербезиби? Бир жагынан алып караганда, эгерде Ташиевге төө басты, каршылык күчөй берсе, анын рейтинги мындан дагы көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Андыктан душмандары ойлонуп иш кылышы керекпи?
Ал эми бийлик Адилет Айтикеевди баалап, ушугу чейинки эмгеги үчүн эле квартира берип, же жогорку деңгээлде сый-урмат көрсөтөбү? Кара жанын карч уруп, тобокелге барып, башты канжыгага байлап коюу опурталдуу эмеспи...











