Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Жеке менчикти тартып алууну адатка айланта берсек, инвесторлор да келишпейт”

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Жеке менчикти тартып алууну адатка айланта берсек, инвесторлор да келишпейт”

05-февраль, 19:30
343 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нарынбек агай, “Кара-Суу базары мамлекетке өттү” дегенден бери “базарларды мамлекетке алуу саясаты башталды” деген сыяктуу маалыматтар айтылууда. Бири базарлар мамлекетке өтсө шарт жакшырарын айтса, экинчиси сатуучулардын түйшүгү ого бетер көбөйөрүн каңкуулашат. Бул маселе боюнча кандай ойдосуз?

-- Мен “базарлардын баары мамлекетке өтөт” деген сөздү уккан жокмун. Кара-Суу базары боюнча Ташиевдин айтканына таянсак, Кара-Суу базарынын ордуна шарты бар соода борбору курулуп, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбековага окшогон базарда үлүшү, контейнери бар адамдарга соода борбордон орун берилет экен. Мындайча айтканда, Ташиев “ачык асман алдындагы базарларды бузуп, цивилдүү жолго түшөлү, чет мамлекеттегидей болуп, соода борборлоруна өтөлү” деди. 

 Теориялык жактан алганда, соода борборунун салыгы мамлекетке түшсө, бюджет толот. Мамлекет байыйт. Бир эле базардан бир жарым миллиарддан 4 жарым миллиард сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бишкекте болсо Бишкекке, Ошто болсо Оштун бюджетине түшөт. Канчалаган жолдор салынып, ирригациялык системалар оңолот. Бактар суу жетпей куурап калбайт. Мектептер, бала бакчалар салынат. Шаар көрктөнөт. Бирок, бирөөнүн менчигин тартып алуу да туура эмес. Конституцияда андай нерсеге жол берилбейт. Тагыраагы, Конституцияда ар бир жарандын, ишкердин укугун коргоп, өкмөт жардам берет деп жазылган. Мен мамлекет жеке менчик базарларды тартып аларына ишенбейм. Базарларды тартып алганы Конституцияга да ылайык келбей калышы ыктымал. Ошондой эле жеке менчикти тартып алууну адатка айланта берсек, инвесторлор да келишпейт

Ал эми базар мамлекетке өтөбү-өтпөйбүсатуучуларга айырмасы жок. Кимге салык төлөйт – аларга баары бир. А эгерде өкмөт базарды алып, бир топ салыктарды кечип, жеңилдик кылса, ижара акыны 50 пайызга чейин арзандатса, сатуучулар ошондо гана мамлекетке өткөндүн пайдасын сезиши мүмкүн. 

Өкмөт базарларга да шарт түзүп, соода борборун куруп, сооданын маданиятын алып келели дегени мактоого арзыйт. Базар ээлери да машине кирип чыккан жер, тамак ичкен жайдын баарын бытылдатпай иретке салышы керек. Бул жагынан өкмөттүн талабы туура. 

-Айрымдар базар ээлери айрым революция кылуучуларды каржылайт. Ошон үчүн базардын баарын мамлекетке алыш керек деген пикирлерди айта башташты. Ушуга ишенсек болобу?

-Аларга аралашып жүрбөгөндөн кийин, ичи-койнуна кирбеген соң айтыш оор. Өтө байлар андай ишке барбаса керек. Анткени, анча-мынча аракети билинип калса, бар байлыгынан айрылып калышы мүмкүн. Ошон үчүн акыл-эси барлар андай жолго түшүшпөйт. Мурдатан эле оппозицияда жүргөндөр, же ичинде революция кылабыз деген ойлору барлар эле ошондой жолго барбаса, көпчүлүгү тобокелдиктен коркушат.

-Базарлардын ижара акысы Камчыбек Ташиевдин күчү менен арзандагансыды. Анда эмнеге товардын баалары төмөндөгөн жок?

-Базарлардын ижара акысы 10-20 пайызга эле арзандады. Ошон үчүн товарлар арзандаган деле жок. Негизи товарлардын арзандабаганынын бир канча себеби бар. Бири салыктын көзөмөлү күчөгөнүнө байланыштуу алып келген товарын арзан сата албай калса, экинчиси, доллар өсүп жатканына байланыштуу. Мисалы, сатуучулар 90 миң долларга алган буюмун 100 миң долларга сатпаса, чыгымын жабалбай, өзү жумшаган каражатты да алалбай калышат. Ошон үчүн бааларды кымбаттатууга аргасыз болушууда.

-Акыркы мезгилде ижарасын арзандатпаган, сатуучулардан ашыкча акча жыйнаган базар ээлери жана айрым кызматкерлери камакка алына баштады. Бийликтин базар ээлеринин тизгинин тартканы туура элеби?

-Мен билгенден эки-үчөө камакка алынды. Алардын мошенник деген да күнөөлөрү бар экен. Базардагылардан акча чогулткан аялдын жашаган үйүн көрдүңөрбү? Жыйналыш жасап, тигил аялдын аракеттерин, ага көрүлгөн чараларды элге айтса, эл чуулдап сүйүнүп жатпайбы. Демек, элдин канын ичкени чын болсо керек. Көп базарларда ээсине жамынып алышып, каалагандай иштерди жасагандар бар. Күнөөсү болсо камалат, ак болсо чыкса керек.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер