Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Акчаны көп сарптабай эле билим берүүдө эл аралык деңгээлге чыкса болот”

“Акчаны көп сарптабай эле билим берүүдө эл аралык деңгээлге чыкса болот”

31-август, 00:09
670 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билим берүү тармагына жылына эбегейсиз каражат бөлүнүп, жыйынтыгында жыл сайын “150-200 окуучу ОРТдан жогорку балл алды” деп жалпы элге шардана айтылат. Бул орустар айтмакчы, “Гора родила мыша” дегендей эле, сүйүнө  турган эмес, өкүнө турган нерсе. Ушундай эле сандагы окуучуларды “Англис тили 7 айда” китебинин автору Кембридждик экзаменге даярдады. Кимисинин салмагы таш баса тургандыгын билиш үчүн эксперт болуштун да кереги жок. Биринчисинин жыйынтыгы Кыргызстанда гана тааныласа, экинчисиники дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө кабыл алынат. Анын баркы Лондон, Токио, Берлин өңдүү шаарлардагы так ушундай эл аралык күбөлүктү алгандар менен бирдей бааланат. Ушул ишти турмушка ашырган Шайлообек Назаралиевди сөзгө тарттык.

-- Айтканга оңой болгон менен жасаганга кыйын ишти аткарууга эмне себеп болду? 

-- “Баардык жолдор Римге алып барат” деген сөздүн тамыры тереңде. Рим Рим болгондон бери адамзаттын баардыгы Батышты карап турат. Канчалык ачуу болбосун, бул чындык. Батыш башкаларга өнүгүүнүн, маданият, илим-билимдин үлгүсү болуп келе жатат. Ошон үчүн Чыңгыз Айтматов “Цивилизациянын чордонуна умтулгула, ал Батышта” деп айткан. Биз канчалык “өз жолубузду табабыз, өзүбүзчө болобуз” деп экиленбейли, баары бир алар салган жолго чыгабыз. Башка жол жок. Азыркы заманда ал жол англис тилин билгендер үчүн ачык. Ошон үчүн кайсы гана өлкөнү алба, бул тилди үйрөнүүгө кынтыксыз бет алган. 

-- Бул тилди биздикиндей үстүртөн эмес, эл аралык деңгээлде кантип үйрөнсө болот? 

-- Ал чоң мээнетти жана узак убакытты талап кылат. Эгер чыдаса, ал жашоодогу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошон үчүн “Билим алуу – ийне менен кудук казгандай” деп ата-бабалар айткан. Кытайда 6-класска чейин жалаң “5” менен окубаса, бала ЖОЖдорго алынбайт. Ал жакта жаш балдар күнүнө 12-15 сааттан абдан тырышып окуп жатат. Кытайдын дүркүрөп өнүгүүсүнүн себебинин бири ушунда турат. Биздин балдар эл аралык темпти, талапты көтөрө албай, жалакай болуп калган. Мен муну өзүмдүн практикамдан байкадым. “Арзандын шорпосу татыбайт”. Биз ошол жолдобуз. Ошон үчүн жыйынтык жок. Чет тили эмес, өзүбүздүн эне тилибизди эле алалы. Эки жыл мурда Кыргызтест “Сапаттуу бол” деген акция өткөрүп, аны тапшырган кызматкерлер менен мугалимдердин жарымынан көбү начар баа алган. Ушунун өзү эле көп нерседен кабар берип турат. Аны айтылуу З.Бжезинский кыска сүйлөм менен гана белгилеген: “Кыргызстандын кен байлыгы ченемсиз. Жаратылышынын кооздугу боюнча бул өлкө туризмдин Меккеси боло алмак. Ага тоскоол болгон улуттук кадрлардын билим деңгээли. Ал айласыз төмөн”. Билим алуунун бир гана жолу бар, ал – эмгек, эмгек, эмгек...

-- Кыргызстанда жылына 4000-10000 долларга чейин төлөм акы алып окуткан жеке мектептер көбөйдү. Ал туурасында сиз кандай ойдосуз?

-- Ушул окуу жайлардын уставын карасаңыз, анда жазылып турат: “Кыргызстанга жаңы лидерлерди даярдаш үчүн ачылган” деп. Арадан 30 жыл өттү, кана ошол лидерлер? Кыргызстанда англис тилин үйрөтүүчү курстар, колледж, ЖОЖдор толтура. Окутуп эле жатат, бирок, калктын бир пайызы да бул тилде сүйлөбөйт. Өкмөт тарабынан “билим сапатын эл аралык деңгээлге жеткиребиз” деп көп айтылат, бирок, ага кайсы жол менен жетебиз, ал туурасында сөз жок. “Адамды ишинен, ишти жыйынтыгынан бил” деген англичандардын макалы бар. Бизде жыйынтык барбы? Жооп ушул суроодо. “Каражат жок” деген менен бул багытка миллиондогон сомдорду коротуп, Англиядан, Россиядан чыккан китептерди көтөрүп, бул ишке шымалана кириш эч нерсени бербейт. Анткени, ал китептер кыргыз тилине адаптация болгон эмес. Биздин грамматика алардыкына салыштырмалуу таптакыр башка. Биз ошондой нерсени жасадык. Бул узак убакытты алды. Ал өзүнчө чоң сөз.

-- Бул иш билим берүү жана илим министрлигинин жумушу экендиги анык. Алар туурасында эмне деп айта аласыз?

-- Бул министрликтин иши заман талабына жооп берип, революциялык, реформаторлук нукта болсо, өлкө мындай оор абалда калбайт эле. Биз да бул ишке киришпейт элек. Коомчулуктун бул министрлике болгон көз карашы белгилүү. Ошондуктан, министрликтин кызматкерлери билим берүүгө эмес, өздөрү билим алууга муктаж. Бир эле мисал, эл аралык билимди тастыктаган күбөлүк баардык өлкөлөрдө таанылат. Атургай жакынкы эле Өзбекстан, Казакстан, Украина өлкөлөрүндө мындай күбөлүктүн ээсине чоң жеңилдик каралган. Алар университеттерге экзаменсиз кирип, жумушка биринчи кезекте кабыл алынып, маянасы жогору болот. Тилекке каршы, биздин министрлик мындай күбөлүктөрдү тааныбайт. Алардын ээлерине эч кандай жеңилдик каралган эмес. Дүйнөнүн сап башындагы 5 университеттердин катарына кирген Кембридждин күбөлүгүн 5000-орунду да ээлебеген биздин ЖОЖдор тааныбайт. Бул нонсенс, түркөйлүк!

-- Белгилүү болгондой, эл аралык экзамендерге даярдоо, тапшыруу кымбат турат. Ага биздин жарандардын каржысы жетпейт го?..

-- Туура, эл аралык экзамендерге даярдоонун баасы деңгээлине жараша 2000ден 10000 долларга чейин. Андай сумманы биздин эл көтөрө албайт. Ырас, каражат көп нерсени чечет, бирок, баардыгын эмес. “Баардыгын кадрлар чечет” деп бекеринен айткан эмес. Мамлекет кадр маселесин колдон чыгарып, базарчы, капчыктуу партияларга өткөрүп берди. Жыйынтыгы баарыбызга белгилүү. 

Биз негизинен айыл окуучуларына көңүл буруп, каржы маселесин өзүбүзгө алдык. Бул эксперимент катары болду, жазылган окуу куралдарды сыноодон өткөрдүк. Аларды Бишкектин мыкты мектептери жетпеген деңгээлге жеткирдик. Демек, акчаны көп сарптабай туруп деле эл аралык деңгээлге чыкса болот экен. Биз ошону далилдегендей болдук. 

-- Эмне үчүн сиз Кембридждик экзаменди тандап алдыңыз?

-- Дүйнөдөгү университеттердин алдыңкы сабындагы Кембридж университетин кимдер билбейт. Ал – калган университеттер үчүн эмнени окутуп, окуу процессин кандай жүргүзүш керек деген стандарттын эталону. Экинчиден, англис тилинен эл аралык экзамен алуучу уюмдар саналуу. Бирок, алардын ичинен бир гана Кембридждин күбөлүгү өмүр бою күчүн жоготпойт. Калгандарын эки жылда кайрадан тапшырыш керек. Биздин элдин мүмкүнчүлүгүн карап, ошон үчүн Кембридждик экзамендерди тандаганбыз.

-- Эл аралык билим турасында жеткиликтүү эле айттыңыз. Бул багытты тездетүү үчүн эмне кылыш керек?

-- Белгилүү болгондой, совет учурундагы Кыргызстандын жетекчилеринин, интеллигенциянын көпчүлүгү жетим же оор турмушту башынан өткөргөндөр болгон. Аларды партия өзгөчө камкордукка алып, узак убакыт сыноодон өткөрүп, тарбиялаган. Менин байкашымча, эч нерсе деле өзгөргөн жок. Биздин элдин уюткусу, көрөңгөсү дале болсо ошондой. Азыр деле шыктуу, чыдамкай, өжөр балдар толтура. Болгону алардын жолу буулган. Биз жардам берген менен көпчүлүк балдардын ата-энеси 100 доллардын тегерегиндеги экзамен акысын да төлөй албай калды. Бийлик ушул багытта иш жүргүзүп, андай эл аралык күбөлүктүн ээлерине өзгөчө жеңилдиктерди караса, жардам берип, камкордукка алса, жылына миңдеген окуучуларды кепилдик менен даярдаса болот. Тилекке каршы, жогоруда айткандай, мамлекет кадр даярдоо маселесин бир ыраатка сала албай, андан четтеп кетти.

-- Сиз өз каражатыңыздан Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад облустарынын окуучу, мугалимдерин Кытай, Түркия, Бириккен Араб Эмиратына алып барып, алдыңкы окуу жайлар менен тааныштырып келдиңиз. Андай ишти бир да депутат, ишкер, атүгүл бийлик да жасаган жок. Себеби эмнеде?

-- Себеби жөнөкөй. Манаста айтылат: “Тар дүйнөдөн зор дүйнөгө” деп. Биз ушул осуятты таптакыр унуттук. Аны жүзөгө ашырыш үчүн азыр алдыны эмес, артты караш керек. Арт жакта немис, француз, англичан, жапандын балдарында эле жаркыраган жаңы муун келе жатат. Горизонтту кеңейтип, масштабдуу ойлонуп иш жүргүзсөк, кийинки муунга алдыңкы өлкөлөр кабыл алган стандартка жараша билим берсек, Кыргызстандын гүлдөй турган мезгили тез эле келет. Эгер азыркыдай болуп тар чөлкөм, жетишсиз ресурстардын алкагында жүрө берсек, Кыргызстан өнүгөт деп үмүттөнбөй койсок деле болот.

Акырында айта турган сөз, азыркы шайлоо кампаниясы “жаштарга жол” деген демилге менен башталып жатат. Биз жаштар менен көп баарлаштык, ошонун ичинде чет өлкөдө жүргөндөр менен да. Алардын дарамет-даярдыгы чектелүү. Мамлекеттин маселесин жаштар же карылар чечпейт. Ал системалуу түрдө бир багытта тынымсыз иш алып барганда гана чечилет. Орун алмаштыргандан сумма өзгөрбөйт. Эгер жаштардын деңгээли заман талабына жооп бергенде, ушул ишти алар баштамак. Алар шайлоого кете турган каражаттарынын аз бөлүгүн учкан уясы болгон мектептерине бурса, шыктуу окуучулардын билимин эл аралык деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзүлмөк. Бул Кыргызстан үчүн эң чоң кадр резерви болмок.


Динара Бейшеналиева

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер