Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Рублдин кунунун түшкөнү биздин өлкө үчүн жакшы көрсөткүч эмес”

“Рублдин кунунун түшкөнү биздин өлкө үчүн жакшы көрсөткүч эмес”

23-август, 09:00
1 563 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азыркы учурда рублдин куну күн санап төмөндөөдө. Мунун сомго терс  таасири тийбейби? Мигранттардын эртеңи кандай болот?” деген соболдорду узаттык.

Улукман Мамытов, экономика боюнча эксперт:

-- Менин оюмча, рублдин кунунун түшкөнү биздин экономикабызга да терс таасирин тийгизет. Айрыкча ЕАЭБ биримдиги үчүн жаман көрсөткүч. Анткени ЕАЭБ биримдиги чоң экономиканы камтып турат. Рубль түшкөндө Россиянын экономикасына, айрыкча валюталык саясатына бир топ ишеним жоголуп баратат. Анткени Россиянын рубли күчтүү болгондо экономиксы дагы күчтүү болуп, ЕАЭБдин экономикасын дагы тиреп турмак. Азыркы куну түшкөнү жакшы көрүнүш  эмес. 

Анан албетте, мигранттар үчүн да зыяны чоң. Мындай саясат дагы уланып кете берсе, мигранттар кайтып келиши мүмкүн. Же таптакыр эле барбай койгондору оң болот. Анткени ал жакта иштегендери эч пайдасыз болуп калат. Менин оюмча, бул кыска мөөнөттүү эле саясат. Анткени Украинадагы согушка байланыштуу рубль төмөндөгөндө акча чыгаруу көлөмдөрү чоңоюп, Россиянын бюджети толуп, бюджеттен аскердик көп чыгым жүргүзүшөт. Ошондуктан рублдин түшкөнү өз бюджеттери үчүн жакшы. Бирок бул көпкө созулбайт. Анткени, мен белгилегендей, Россиянын валютасына баарыбыздын ишеничибиз жоголуп баратат...

Искендер Шаршеев, экономика боюнча эксперт:

-- Албетте, сомго таасири тийүүдө, бирок биздеги интервенциялык мамлекеттик саясаттын эсебинен катуу сезилбей жатат. Бирок акырындан сомдун наркы алсызданганы байкалууда. Мисалы, сомдун наркы 88 болуп турат. Негизи мигранттарга таасири катуу эле десем жаңылышпайм. Мигранттар жиберген акчанын көлөмү азайып жатат. Андан сырткары, Россиядагы күнүмдүк карым-катнаш бир аз начарлагансыды. Акыркы акыбалдар жакпай жатканын мигранттар бир ооздон айтышууда. 

Текшерүүлөр, негизсиз камоолор көбөйгөнү да кейитет. Ошону менен бирге экономикалык сатып алуу жөндөмү азайды. Инфляциялык себептерден улам азыркы күндө Россия рублдин көлөмүн көп чыгарып, жалданма аскерлерге төлөп, накталай акчаны экономикага тез киргизе баштады. Экономикага тез-тез акча киргизгендиктен, рублдин куну түшүүдө. Бул табигый инфляциянын чоң себептеринин бири болот. Кыргызстанда да сом массасы өсүүдө. Балким бизде да Россиянын рублинин аркасынан сом алсызданышы ыктымал. Ошондуктан бүгүнкү күндө көбүрөөк инвестиция тартып, экспортту көбөйтүп, мигранттарга өзүбүздөн жумушчу орундарын түзүүгө аракет кылуубуз зарыл. Негизи мигранттарды башка өлкөлөргө тил үйрөтүп, мыйзам үйрөтүп жиберүү үчүн шарт түзүүнү колго алуу  абзел. 


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер