Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Темиркулов: “Эми эл кыйналса, массалык мобилизация болуп, көтөрүлүшкө чыгышы мүмкүн”

Азамат Темиркулов: “Эми эл кыйналса, массалык мобилизация болуп, көтөрүлүшкө чыгышы мүмкүн”

18-апрель, 23:11
820 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, шайлоо да болуп өттү. Келчүлөр келди.  Элдин көпчүлүгү жеп ичкичтер келди деп жатышат. Азыркы экономикабыз ушундай абалда жеп-ичүүгө мүмкүнбү? Же ал доордон өттүкпү?

-- Шайлоонун натыйжасында эч кимге эч кандай сюрприз болгон жок деп ойлойм. Мурункудай эле биз билгендей эски адамдар, бийликтин тегерегинде жүргөндөр, алар менен мамилеси бар адамдар кайра эле шайлоону утуп жергиликтүү кеңештерге келишти. 

-- Өзгөчөлүк болдубу?

-- Бир эле нерсе башкача болду. Башка партиялардын тизмеси менен келишти. Партиялардын аттары жаңы. Бирок ал жаңы партиянын ичинде кайра эле эски баягы биз жакшы тааныган адамдар. Ошон үчүн чыныгы партиялар Кыргызстанда жок. Ошон үчүн ар бир шайлоо сайын эч кимге билинбеген партиялар чыгып келип жатышат. Алардын ичинде мурунку эле коррупцияга малынган адамдар жана алардын бала-чакалары, туугандары келе жатышат. 

 Референдум деле биздин турмушубузга эч кандай өзгөрүү алып келбейт. 

Конституция деген жөн эле кагазга түшүрүлгөн текст. Ал текстти адамдар иштетет. Мамлекеттик органдарда, бийликте отурган адамдар конституцияны, мыйзамдарды бекем кармап, ошол мыйзам  чегинен чыкпай иштешсе анда ошол мыйзам конституция иштеп жатат. 

Кыргызстанга ар бир келген президент констиуцияны алмаштырып жатат. Бирок эч нерсе өзгөрбөйт. Турмушубуз баягыдай эле улана берет. Бул эмне себептен болуп жатат. Мамлекетте бийликте отурган адамдар алмашылбай эле мурунку адамдар иштеп жатат. Ошон үчүн текст алмашса деле текстти иштете турган адамдар алмашпаса ошондой эле абал уланат. Азыр деле ошол көрүнүш. Текстти алмаштырдык  бирок мурунку эски схемаларды пайдаланган эски көз караштагы адамдар бизге жакшы таанымал. Отуз жылдан бери биз аларды көрүп келдик. Алардын иштеген тажрыйбасын дагы билебиз.   Бул адамдар мурдагыдай эле эски коррупциялык схемаларды иштетип, бийликтин көзүн карап өз кызыкчылыктарын карап иштешет. Ошон үчүн эч кандай өзгөрүү, жаңы нерселер болот деген үмүт жок болуп жатат. Бүгүнкү экономикалык саясий ахыбалды карасак ушундай оор ахыбалда   баягылар келип баягы адатын карматса эл чыдабайт. 

Себеби элдин  бийликти 5-октябрда алмаштыргандан кийин жаны адамдар келип, ишти башкача алып барат деген элдин үмүтү бар болчу. 

Эми экономикалык кризис күчөп эл кыйналса массалык мобилизация болуп протестерге чыгышы мүмкүн деген ойдомун.  


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер