“Ташиев, коронавирустан айыкканда “калган өмүрүмдү элиме арнайм” дедиңиз эле”
Фейсбук колдонуучу Шерик Осмоналиев Камчыбек Ташиевге нааразылыгын жолдоду:
"Камчы Ташиев, коронавирус болуп айыкканда "калган өмүрүмдү элиме арнайм" дедиңиз эле, бирок чектен чыгып баратасыз. Ош, Баткендеги жолугушуу идеясы сизден чыгыптыр! Эл ансыз дагы коронавирус менен жабыркап жатса, зордоп, күч менен чогултуп жатасыздар! Алардын убалы кимге? Дегеле элди кыдыруунун кажети бар беле? Барып эмне кыйратып койдуңар, Садыр Жапаровду жек көрсөткөндөн башка эч нерсе өзгөргөн жок!
Кыйратып койгонсуп, Оштон Жалал-Абадга самолетту айдатып учуп кеттиңер! Анын чыгымын ким төлөдү? Албетте, мамлекеттик бюджет! Бийликке жетпей жатып ушунча эсирип көптүңөр! Мындай болсо көпкө узабайсыңар!
Элдин эсебинен учуп, казынаны тоногонду токтоткула! Уятыңар жок экен, бир сааттык жолго машине менен барасаңар көчүгүңөр жалпайып калабы?!"