Акыркы кабарлар
» Саясат » Адамдарды ичкериден билүүгө, талдоо жүргүзүүгө шарт түзүлдү
Адамдарды ичкериден билүүгө, талдоо жүргүзүүгө шарт түзүлдү
06-январь, 20:59


Башына сур булут айланып, кыйың кезең жаралганда Райымбек Матраимов кимдин ким экенин билип аткандыр. Кечээги көп кошоматчылар коңулга кирип кетишип, адилеттүү сөз айта алышпай, чүнчүп калган чактары. Бир чети адамдарды ажыратуу, таанып билүүгө өбөлгө түзүлдү да. Мындай чакта Райым мырзага өткөн чактан сабак алып, түздөнүүгө, талдоо жүргүзүүгө шарт түзүлдү. Кандайдыр бир санаа, кыйынчылыктардан кийин сөзсүз түрдө кубанычтуу күндөрдүн келери шексиз. Жашоо озуйпасы ушундай. Андыктан, каарманыбыз келечекке карай дүрбү салып, мээлеп, ооматтуу күндөрдөн күдөр үзбөй, сабыр этип турса керек. Маңдайга жазган ырыскынын, бакубат жашоонун татымы алыс деле эместир...
"Азия Ньюс" гезити











