“Нарк-насилди жандантып, кыргыз экенибизди унутпайлы”

-- Кыргызстанда демократия барбы? Канчалык деңгээлде эркин өлкөбүз?
Ишенгүл Болжурова, экс-министр:
-- Демократия экономикадан башталат. Биринчиден, 30 жылдан бери элдин көбүнчөсү жоопкерчиликти унутуп, өзүнүн укугун гана билип калды. Экинчиден, “демократия ушу экен” деп өзүбүздү өзүбүз билип, өтүгүбүздү төргө илип, алыскы чет өлкөлөрдүн жүрүм-турумдарын туурап, чаржайыт болуп кеттик. Бирибиз кыпкыска кийсек, экинчибиз чүмбөттөлдүк. Үчүнчүдөн, а эмне үчүн биз курултайды, өзүбүздүн ата-бабадан, байыркы тарыхыбыздан келаткан салттуу бириктирүүнү өнүгүү фактору катары карабайбыз? Руханий байлыгыбызды байытып, каада-салтты, нарк-насилди жандантып, эң негизгиси, кыргыз экенибизди унутпайлы.
Эрлан Жамгырчиев, коомдук ишмер:
-- Демократияны биз теңчилик, теңтуугандык катары менталитетибиздин өңүтүнөн карасак, ал бар. Ал эми океандын ары жагындагы же Европанын кээ бир бизге жат көрүнүштөрүнөн караганда, “дермократия” катары тааныганыбыз туура го. Айтайын дегеним, “демократия” деген терминге жамынып, улууну урматтоо, кичүүнү ызааттообуз жок болуп баратат. Үйгө келген келин кайненеге атаандашып оокат кылганга өттү. Мурун келген келин кайненеден айбыгып турчу. Азыр тескерисинче, кайнене келининен айбыгып атат. Мындай мисалдар толтура. Кыргыздар качан эле улгайган ата-энесин карылар үйүнө тапшырчу эле?..
Ал эми “канчалык деңгээлде эркин өлкөбүз?” дегенге мен кыскача эле жооп айтайын. Өлкөбүз мамлекет катары СССРден бөлүнгөнү эки тизгин бир чылбырды колго алып, эгемен алганыбыз менен экономикалык эгемендүүлүккө жете албадык. Карызы бардын (мамлекеттин тышкы карызын айтып атам) эркиндиги кайдан болсун?..
Акжол Келгенбаев, жеке ишкер:
-- Мен бул суроого башкачараак жооп берсемби? Кыргызстандын ичиндеги саясый кырдаал же экономикалык абал эмес, жөн гана жарандарыбыз өз алдынча иштеп, күн көрүп, башка улуттун алдында сөзүбүз өйдө болуп, желбирете турган желегибиз, герб, ойноло турган гимнибиз менен сыймыктансак – ошону мен демократия катары эсептейт элем. Ошону менен катар эркин өлкөбүз. Канча деген улутту алалы, өз жери жок, желбирете турган желеги, ойноло турган гимни жок, көчүп-конуп, тилинен же дилинен дайын жок, эркиндик алалбай, кайсы бир мамлекеттин канатында калкаланып жүрүшөт...