Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аалымдар кеңеши турак жай кооперативи жөнүндө фатва чыгарды

Аалымдар кеңеши турак жай кооперативи жөнүндө фатва чыгарды

23-февраль, 11:30
795 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңеши коммерциялык эмес турак жай кооперативи аркылуу үй же унаа алууга байланыштуу фатва (шариятка ылайык чечим) чыгарды.

Анда мындай жол менен турак жай алуудагы келишимде "сүткорлук же сүткорлуктун элементтери, келечекте талаптардын талаш-тартышын жараткан жагдайлар болбошу керектиги" жазылган. Ошондой эле келишимдин мөөнөтү, заттын түрү жана сапаты, баасы так болушу зарылдыгы белгиленген.

“Кардар төлөмдү кечиктирген учурда төлөнүүчү жаза пул кооперативдин мүлкүнө берилбеши шарт; кооперативдин аманатты кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү бар экенине мамлекеттин кепилдиги болушу шарт. Жогоруда аталган шарттардын бири же бир нечеси болбогон учурда коммерциялык эмес турак жай кооперативи аркылуу турак жай же унаа сатып алуу шариятка туура келбейт, тыйылат” деп айтылат фатвада.

Кыргызстанда акыркы жылдары турак жай кооперативдери деп аталган уюмдар көбөйдү. Аларга негизинен үй-жайга, унаага муктаж, бирок сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана чет элде эмгек миграциясында жүргөндөр көп кайрылышат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер