Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөн Шаматов: “Жаңы орус жана түрк тилдүү мектептерди ачуу геосаясатка да байланыштуу”

Дүйшөн Шаматов: “Жаңы орус жана түрк тилдүү мектептерди ачуу геосаясатка да байланыштуу”

13-март, 12:22
1 269 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору менен маек.

-- Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон сапарында эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташууну арттыруу тууралуу сүйлөшүүлөр да болду. Эки өлкөнүн билим берүү системасында бири-биринен үйрөнө турган кандай актуалдуу маселелер бар?

-- Абдан жакшы суроо экен. Кыргызстандык жаштар үчүн казак ЖОЖдорунда акысыз окууга квотаны көбөйтүү боюнча жакшы ойлор айтылыптыр. Эки өлкөнүн билим берүү системасы боюнча бири-биринен үйрөнө турган нерселер жок эмес. Бул жөнүндө мен дайыма айтып жана жазып келем. Буюрса бул иш сапардан кийин продуктивдүү сүйлөшүүлөр болуп, абдан пайдалуу байланыштар түзүлөт деген үмүттөмүн. Менимче, ЖОЖдор жана орто мектептер ортосунда көптөгөн алгылыктуу байланыш түзүү керек. Албетте, пандемияга чейин кыргызстандык бирин-серин окуу жайлары академиялык мобилдүүлүк алкагында казак ЖОЖдоруна студенттерди жөнөтүп турушту. Ошону жандандырып, көпчүлүк окуу жай жетекчилерине ушунун пайдасын жеткирүү керек. Дагы бир өзгөчөлүк, Казакстан окуу жайларында Болон системасына толук өткөнгө байланыштуу, сапат, түз таасир берүүчү окуу программасын эл аралык стандартка жакындатуу менен бирге окутуучулардын билим деңгээлин жогорулатууну системалуу түрдө жүргүзүп жатышат. Керек болсо “окуу жайдын бюджетинин 5% сөзсүз түрдө окутуучулардын билимин жогорулатууга жумшалсын” деген жол-жобону расмий түрдө кабыл алышкан. Бул болсо окуу жайдын сапатына түздөн-түз таасир берет. Мисалы, былтыр Пакистан өкмөтү “Кыргызстандан медицина боюнча билим алган жаштардын дипломун тааныбайбыз” дегенде, чынында уялдык, капа болдук, намыстандык жана ачууландык. Ошого менин айтарым, биринчи кезекте сапат болсо, башканын баары анын артынан келет. 

Дагы бир өзгөчөлүк, Казакстан олуттуу чечимдерди кабыл алып, мурдагы СССРден калган аспирантура менен докторантура акырындык менен жоюп, эл аралык стандарттарга шайкештирип PhD (философия докторы) системасын киргизишти. Бул акырындап ошол докторлукту жактаган казакстандык илимпоздорго дүйнөлүк аренада аралашып иштегени жана алардын изилдөө иштерин, диссертациясын эл аралык талаптарга жакындатууга шарт түзөт. 

Казакстан ошондой эле үч тилдик (казак, орус жана англис) саясатты алып барып, жаштарын дүйнөлүк илим менен билимдин, технологиялык өнүгүүнүн тили болгон англис тилин мыкты өздөштүрүүгө да кызыкдар болууда. Анан да 25 жылдан ашык убакытта мыкты иштеп жаткан Болашак эл аралык стипендия программасы бар. Ушунун алкагында 15 миңге жакын казакстандык дүйнөнүн эң алдыңкы окуу жайларынан билим алып келишип, өз өлкөсүнө абдан жакшы салым кошуп жатышат. Кыргызстанда деле илгери XXI кылымдын кадрлары деген долбоор бар болчу. Бирок ал тез эле жок болуп, жугумдуу болбой калган. 

Мектеп системасында да бир топ жакшы иштер болууда. Ошол эле Кембридж окуу программасын шайкештирип мыкты билим берген Назарбаев интеллектуалдык мектептери мамлекет боюнча 20 шаарда жайгашкан. Ушул мектептерде Казакстандын болочоктогу интеллектуалдык элитасы окуйт десем жаңылышпайм. Анан дагы бул автономдук мектептер жалпы мамлекеттик мектептерге тажрыйбасын бөлүшсүн деп милдеттендирилген. Ошондой эле жалпы баардык мектептердин окуу программасы да жаңыртылып, PISA сынагына окшоштурулуп, негизги өзөк функционалдык сабаттуулук деген принцип болуп эсептелет. Аны менен кошо мугалимдердин билимин жогорулатуучу системалуу реформалар өз үзүрүн бере баштады.

-- Балдардын алган билими сиңимдүү болуш үчүн бул системага кандай өзгөрүүлөр кириши керек деп эсептейсиз? Учурдун талабы кандай?

-- Менимче, системалуу түрдө абдан көп өзгөрүүлөрдү киргизүү керек. Бирок алар бири-бири менен чырмалышкан бирдиктүү иш-чаралар:

1. Жалпы коомчулук жана өкмөт менен биргеликте “биз, кыргыздар өз келечек муундарга кандай билим беришибиз керек? Биздин жаштар дүйнөлүк атаандашууда артта калбай, туруктуу өнүгүүсү үчүн кандай билим керек? Келечекте биздин жаштарда XXI кылымга керектүү болгон кайсы компетенцияларды өстүрүшүбүз керек?” деп талкуулап, анан бир пикирге келип, алга жылышыбыз абзел. Бул процессте адистер алдыңкы катарда туруп, дүйнөлүк тажрыйба жана изилдөөлөр боюнча багыт болуп турса. Болбосо, катуу кыйкырган, же "оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" дегендей, псевдоэксперттер көбөйдү. Ошентип, кыргыз окуучусунун моделин түзүү өтө зарыл. Болбосо, ар бир адам, мугалим өз кызыкчылыгын ойлоп, “менин предметимди азайткан мининстрликтин башы иштебейт” деп эле алга жылууга тоскоолдук кыла берет. 

2. Экинчиден, мугалимдерге көңүл бурууга чакырат элем. Маянасын көтөрүү, педагогикалык окуу жайларды кескин реформалоо, күчтүү жаштарды мугалимдик кесипке тартуу, мектептеги мугалимдердин билимин дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу жана албетте, коомчулукка дагы мугалимдердин жакшы жактарын, керектигин даңазалап, ушул кесиптин аброюн көтөрүү да учурдун талабы. Азыр өзүн кыйын сезген замандаштарыбыз "мен мугалим эмесмин" деп мактанганга чейин барышууда. Ушулар өзгөрүшү керек. Себеби, күчтүү мугалим – бул күчтүү жана сапаттуу билим. Сапаттуу билим болсо – өлкөбүздүн өнүгүшү, керек болсо көз карандысыздыгы! 

3. Илимий изилдөө сапатын да кескин өзгөртүү керек. Дүйнөлүк тажрыйбадан алып, биздин илимпоздор ачылыштарды жасай тургандай окуп-үйрөнүү шарттарын түзүү керек. 

4. Мисалы, мектепти алсак, акыркы жылдары окуучулардын билим алуусунда шаар менен айыл, колунда бар менен колунда жок, жеке менчик менен мамлекеттик мектептердин ортосунда кескин ажырым көбөйүп баратат. Ушул багытта да олуттуу иш алып барылуусу керек. Антпесе бул ажырым азыр пайда боло баштаган ар кандай бөлүнүп-жарылууларга жана кагылышууларга алып барышы мүмкүн. Ден соолугу чың коомдо билим сапаты боюнча ажырым мүмкүн болушунча аз болот.

-- Азыркы кезде мектеп директорлорунун орду жөнүндө өтө көп талкуулар болууда. Аларды “аттестациядан өткөрүү керек же 5 жылдык мөөнөт менен шайлоо зарыл” деп атышпайбы. Ошол эле Казакстан же башка өлкөлөрдө ушундай маселелер барбы? Кандай кылганда натыйжалуу болот?

-- Бул демилге да абдан жакшы. Керек демилге. Себеби ошол директорлордун көптөгөн жыл ордунан жылбаганынын терс жактарын көрүп эле жүрбөйбүзбү. Негизи бул маселеде адистер жана мектепте иштеген практиктер отуруп мыкты жоболорду иштеп чыгышы керек. Мисалы, ошол аттестацияны адистер өткөрөбү же билим сапаты жөнүндө түшүнбөгөн структура адамдары жүргүзүп калабы? Ошол аттестацияда колдонуучу критерийлер дүйнөлүк тажрыйбага таянып, анын Кыргызстандын шартына ыңгайлаштырылганбы? Директорду шайлаганда коллектив шайлайбы, же камкорчулар кеңешиби? Директор мурдагыдай эле мектепке ресурс каражат издеп таап келүүчү болобу же сапатка, коллективдин кызматташуусуна, окуучулардын билимине жоопкерчилик алабы?” деген суроолор чечилиши керек. Негизи чет өлкөдө мыкты директор ал мектептеги окуучулардын бакубаттуулугу менен билимине биринчи кезекте жооптуу болот.

-- Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда орус тилдүү мектептер, түрк мектептери ачылууда, буга көз карашыңыз кандай?

-- Албетте, туурасын айтуу керек, СССР таркагандан кийин Кыргызстан жалпы дүйнөгө ачык болуп, ачык-айкын саясат жүргүздү. Чет өлкөнүн өкмөттөрү жана жеке инсандары алып келген окуу жайларды санасак, 10-20 мамлекетке барып такалат. Алардын баарын атоонун зарылчылыгы жок, ансыз деле эл билет. Эми жаңы орус жана түрк тилдүү мектептерди ачуу – бул геосаясатка да байланыштуу. Негизинен мен агартуучу катары кандай окуу жай ачылса да аларды колдойм. Болгону, биздин Кыргыз мамлекетине жана анын келечегине күйгөн, мекенин ойлогон ар бир жаранга ошол чет өлкөдөн келген окуу жайлар кандай пайда берет? Кыргыз баалуулуктарынын алкагында өлкөбүздүн идеологиясына туура келе турган окуу жайбы? Ошол окуу жайды бүткөн жаштар биринчи кезекте Кыргызстан атуулуна тийешелүү дүйнөлүк баалуулуктарды өздөштүргөн жаран боло алабы? Себеби, келечекте өзүбүздүн кызыкчылыкты биринчи койгон мекенчил окуу жай болбосо, анда ошол окуу жай бүтүрүүчүлөрү бөлүнүп-жарылып, өлкөбүзгө зыян алып келиши мүмкүн. Ушул жагынан да абдан жакшы иштер алып барылышы керектигине басым жасайт элем...


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер