Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өзүмдөн 22 жаш улуу адамды жактырып калып, сары ооруга кабылдым...

Өзүмдөн 22 жаш улуу адамды жактырып калып, сары ооруга кабылдым...

13-январь, 13:38
2 333 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашоо өз нугунда. Мектепте окуп жүргөндө мектеп босогосун аттап чыкканча шашып, бир башкача делбектегенибиз ай! Эмичи? Эми ал күндөргө кайрадан кусаланам. Баягы аруу, таза кыял бала бойдон калгым келип кетет.

ЖОЖдун биринчи курсунун аягына чыгып, көңүлсүз каникул күндөрү өтүп жатат. Менин курбуларым, мен теңдүү кыздар өзү теңдүү жигиттерди колтуктап, бакыттын кучагында жүрүшөт. А менчи? Жактырган адамымды минтип ээн-эркин колтуктап, айлананы күлкүгө толтуруп бактылуу баса албайбыз. Жаңыдан гүлдөй ачылып кулпуруп турганда, өзүмдөн 22 жаш улуу адамды жактырып калып, сүйүүнүн азабын тартып, сары ооруга кабылып отурам.

Мурда сүйүү эмне экенин кайдан билипмин? Бир бактылуу ирмемдердей сезилчү. Окуумду окуп, ошону менен катар иштеп кетүүгө да далалаттанып жүрүп, ал кишини жолуктурдум. Жардамын аябады. Жол көрсөттү. Негедир ал адамды бир көрүп эле жактырып калдым. Канча ирет өзүмдү кармабайын, сезимимди башкара албай ага телефон чалам, же кат жазам. Сүйлөшөбүз. Сөзүнө тойбойм. Күн санап сезимибиз тереңдеп баратат... Баарын билем. Ал адам төрт балалуу, бактылуу үй-бүлө ээси. 

“Ал адам үчүн мен киммин?.. Жок, мен мындайга барбашым керек” деп өзүмө өзүм акыл айтам. Жол издейм. Кайрадан эле караңгылык, үшкүрүк. Бир гана жолду көрүп турам – анын жашоосунан жок болуп кетүү. Алыстарга, алыс жакка кайып болуп, кайрадан башка адам болуп кайткым келет. 


Арууке РЫСБЕКОВА

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер