Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда бир жумада коронавирустан жети бейтап каза болду
Кыргызстанда бир жумада коронавирустан жети бейтап каза болду
21-март, 16:34

Кыргызстанда 15-21-март аралыгында коронавирустан жети адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Адам өлүмүнө алып келген учурлар Бишкек шаары жана Чүй облусунда катталган: Анын ичинде:Бишкекте – 4;
Чүй облусунда – 3.
Өткөн аптада дагы COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген жети учур катталган. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 2 миң 980 адам каза тапкан.











