Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саламаттык сактоо министрлиги ысыктан коргонуу үчүн 10 кеңеш сунуштады

Саламаттык сактоо министрлиги ысыктан коргонуу үчүн 10 кеңеш сунуштады

27-июль, 18:37
1 790 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

· Мүмкүн болушунча күндүн нуру түз тийген жерден оолак болуңуз. Көлөкөдө басып же көчөгө чыгууну чектеңиз. Айрыкча, күн саат 12:00дөн 17:00гө чейин катуу ысыйт, бул учурда салкын имараттын ичинде болууга аракет кылыңыз; 

· Баш кийим кийиңиз, кол чатыр колдонуңуз; 

· Мүмкүн болушунча кыймылды жана акыл-эсти иштетүүнү азайтуу шарт; 

· Суу ичүү режимин сактаңыз. Суюктукту көп ичиңиз, бирок ошол эле маалда суусундуктар өтө муздак болбошу керек. Себеби мунун айынан ооруп калышыңыз ыктымал. Ар жарым саат сайын суу ичип туруу зарыл; 

· Мөмө жана жер-жемишти көбүрөөк жеш керек. Алар канчалык ширелүү болсо, организмдеги суюктуктун ордун толтурууга ошончолук жакшы; 

·  Арыктагы, каналдардагы, фонтан жана башка көчөдөгү сууну ичүү кооптуу экенин жакындарыңызга эскертиңиз. Алар эс алып, ойноп же башка бир нерсе менен алектенип жатканда, коргоочу каражаттар жана таза суу менен камсыздаңыз; 

· Желдеткич жана кондиционер колдонуңуз. Желдеткичтин абаны үйлөгөн багытын өзүңүз тарапка койбоңуз, ар тарапка үйлөп турганы жакшы. Мындан сырткары, кондиционер менен аябай муздатылган имараттын ичинен дароо ысыкка чыгууга болбойт. Суук тийип ооруп калышыңыз ыктымал;  

· Пахта жана зыгыр кездемесинен тигилген кийимдерге басым жасаңыз, чапташкан кийимдер сунушталбайт. Аба өткөрө турган кийимдерди тандаңыз. Анан да ачык түстө болушу керек, себеби кара түстүү кийим өзүнө ысыкты тартат;   

· Тез-тез душка түшүп же сүлгүнү муздак сууга малып, денеңизди аарчып туруңуз. Эгер мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, дүкөндөрдө сатылган нымдуу чүпүрөктү колдонуңуз;

· Ыңгайына жараша ысыкта жылаңайлак басыңыз. Чөптүн үстүндө 10-15 мүнөт басуу кан айланууну жакшыртат. 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер