Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Аскарбек Жаныбековдун шалаакылыгы, Нурлан Шериповдун кыянаттыгы...

Министр Аскарбек Жаныбековдун шалаакылыгы, Нурлан Шериповдун кыянаттыгы...

01-июль, 21:56
2 381 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Талааларга суу жетпей, арпа, буудай, кызылча, жүгөрү күйүп жатат” деген ызы-чуунун аягы айыл чарба министрине эскертүү, суу чарбасына жооптуу орун басары Нурлан Шериповго сөгүш берүү менен аяктады. 

Эми Нурлан Шерипов деген ким дебейсизби? Ж.Баласагын атындагы КУУнун бажы иши факультетин бүтүргөн, юридика илиминин доктору. Ал 2001-жылдан 2012-жылга чейин 8 жолу иштеген жерин которуп, Кыргыз-Россия билим берүү академиясында, ЖАМУда, Оштогу юридикалык академияда, Ж.Баласагын атындагы КУУга эки жолу кирип, эки жолу кетип, кызматтан кызмат тандап, которулуп, күлү бир жерге додо болбой жүргөн мугалим. 2012-жылы президенттин аппарат башчысынын кеңешчиси, андан кийин өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары, 2014-жылы мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары, мамлекеттик каттоонун төрагасынын орун басары, 2016-миграция боюнча кызматтын башчысы. Ал ортодо “пара алды” деп шектелип, Кылмыш кодексинин “Опузалоо”, “Бейбештык” беренелери менен үстүнөн иш козголуп да жүргөнү кандай? 

Өзүңүздөр күбө болгондой, ыр-чыр менен жүргөн Нурлан Шериповдун айыл чарбасына эч кандай тийешеси жок, адистиги да туура келбейт. Анан ушундай гидромелиорациядан, ирригациядан түшүнүгү жок кишини министрликтин суу чарбасы жагына жооптуу кылып эмненин негизинде дайындашкан? Ал айыл чарба министрлигине текей тергени барган жок да? Нурлан Шерипов суу чарбасын мураптын деңгээлинде да билбейт. Ал бир өлкөнүн жер кыртышын жакшыртуу, өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн арттыруу саясатын, мелиорация системасынын натыйжалуулугун арттыруу иштерин жүргүзө албайт, түшүнбөйт дагы. Себеби, ал бул тармакта компетенттүү адис эмес. Бул юриспруденциядан түшүнүгү жок бир фермерди юстиция министри кылгандай эле да.

Айыл чарбасында бир күн иштебеген, сугат ишин билбеген мугалим Нурлан Турганбекович Шериповду эмне үчүн суу чарбасына жооптуу кылып коюшкан?  Анткени Шериповдун атасы Турганбек мурда Жети-Өгүз районундагы Ырдык айыл өкмөтүн башкарып, ал кезде чарба жетекчиси болуп жүргөндө азыркы министр Аскарбек Жаныбеков менен чөйчөктөш ашына болгон... Анан досу министр болуп дайындалганда “колдон келип турганда” деп, топурактын жытын билбеген, арпадан буудайды, жаздыктан күздүктү ажырата албаган юрист Нурлан Шериповду суу чарбасына жооптуу министрдин орун басары кылып дайындап, анан чакчелекей будуң-чаң эле болуп жатып калбадыбы. Бул жоопкерчиликсиз дайындоо кадр тандоо саясатындагы башаламандыктын, өзүм билемдиктин натыйжасы.

Суу жетпей, талаалары күйүп кеткен дыйкандар нааразылык акцияларын өткөрүп, чыгымдарды, алынбай калган түшүмдү компенсациялап берсин (!) деп аткаруу бийлигине талап коюп жатышат. Аны иштин көзүн билбей шалаакы мамиле жасаган министрдин орун басары Нурлан Шерипов төлөйбү, же компетентсиз адисти ишке алган министр Аскарбек Жаныбековбу? 

“Жоо жакадан, бөрү этектен алып тургандай” пандемия каптаган азыркы кыйын учурда тамак-аш кымбаттап, эл кыйналып жатат. Күздө түшүм аз болсо, азык-түлүк коопсуздугу камсыз болбосо, азыр эскертүү берилген шалаакы министр Аскарбек Жаныбеков өлкөдөгү мындай оор абалга керт башы менен жооп берүүгө тийиш. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер