Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Согуш жылдарындагы оор турмуш. Сабак ала алдыкпы?..

Согуш жылдарындагы оор турмуш. Сабак ала алдыкпы?..

03-ноябрь, 15:56
897 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуу Ата мекендик согуштун 75 жылдыгы бүткүл дүйнөлүк пандемияга байланыштуу билинбей эле өтүп кетти. Алааматка аралашпаган бир да үй-бүлө Кыргызстанда жок болсо керек. Кан төгүлгөн жерде жок дегенде балдарды сактап калуу үчүн Орто Азия республикаларына, анын ичинде кыргыз жергесине миңдеген өспүрүмдөр эвакуацияланган. Керээз Алышпаева айым кайнежеси (украин кызы Ксения) 1942-жылы Кыргызстанга келип, өмүр бою кыргыздын келини катары очок булатканы жана өмүр таржымалынын урунттуу жерлерин айта отурду.


-- Керээз эже, сиздердин үй-бүлөгө Ксения аттуу кыз кантип келип калган? Сөздү ушундан баштаңыз.

-- Негизи мындай: согуш чыгардан мурун, 1939-жылдарда менин кайнатам Сырдыбай Искенов менен кайненем Айкүмүш Алиеваны борбордон окууларын бүткөндөн кийин Ошко жиберишкен экен. Агартуу жаатында иштеп калышат. Ал жерден менин жолдошум Руслан Искенов төрөлөт. 1942-жылы кан төгүлүп жаткан жердеги тестиер балдарды бул жакка поезд менен эвакуация кылышат. Аларды балдар үйүнө батышынча жайгаштырып, батпай калгандарын элге багып, асырап алуу милдети жүктөлүптүр. Кайненем ошол сиз айтып аткан 8 жаштагы Ксения аттуу кызга көпчүлүктүн ичинен назары түшүп калат. Көзү бир башкача көк, чачтары сапсары, өңү акжуумал, маңдайы жарык, адамды өзүнө тартып турганын көрүп, жактырып калат. Үйгө ээрчитип келип, өзүнүн Руслан (менин жолдошум) уулуна кошуп багып алыптыр. 

-- Кайнатаңыз согушка барганбы?

-- Согушка чейин эле бир колунун чыканагы бүгүлгөн бойдон толук ачылбаганына карабай согушка кетет. Бир жылга жетпей эле кайра мекенге кайтып келет. Келген учурда менин жолдошум Руслан төрөлүп, анан Ксения аттуу кыздуу болгонуна аябай сүйүнүшөт. Аз өтпөй Ош шаарынан Нарын облусунун Куланак айылына которуп, кайнатамды балдар үйүнүн директору кылып коюшат. Ксения ал учурда кыргызча түш жоруп, кыргыздын турмушуна көнүп, чыйралат. Ксения менен жолдошум Руслан экөө бир туугандай мамиледе болуп, атасына жардам берип, токойдон кыргоол, коён кармап келип, балдар үйүнө жардам беришкен экен. Согуш аяктаган жылдары баарыбызга эле кыйын болгон. Тамак-аш, кийим-кече жетишпейт. Биз Ксенияны “Зейне” деп калдык, кыргызчалап. Куланактан кыргыз мектепти ийгиликтүү аяктайт. Анан кайнатам борборубуз Фрунзеге “билим алсын” деп окууга жиберет. Университетте окуусун абдан жакшы окуп, андан ары тарых илиминин кандидаты дисертациясын жактайт. Ушул жерден бир нерсе эсиме түшөт, кайнатамдын апасы, чоң кайненем атайын келини Зейнеге деп жарманы көбүртүп жасап, күнүгө бидонго куюп алып жеткирип берер эле. Ал жерден айтылуу күүчү, комузчу Карамолдо Орозовдун уулу Сатыбалды жездеге турмушка чыгат. Ал киши КГБда кызмат өтөп, кыштын суугунда, жайдын ысыгында конуп-түнөп, талаа-түздө тапшырмада жүрүп ооруп калат. Андагы жетишсиз заманда медицина көп деле өнүгө элек болуп, жадагалса Москванын доктурлары жардам бере албаптыр. Зейне эжебиз кайнисинин Гүлжан деген кызын асырап алат. Гүлжанды өз кызынан да ашыра багып чоңойтту. Бүт нерсесин калтырбай арнады. 

-- Биз бир аз берилеп кеттик. Зейне кайнежеңиз канчалык кыргыздын турмушуна көнө алды?

-- Эжем кыргыздын жашоо турмушун абдан мыкты өздөштүрдү. Улуттук тамактардын баарын катыра жасачу. Кара жармадан баштап, боорсок, калама, куймак, талкан көөлөп, менин болочоктогу кайненеме колуна кол, бутуна бут болуп камыр-жумур аралашты. Каада-салтын, үрп-адатын жадагалса мага үйрөтүп, “муну мындай кыл, тигини тигиндей кыл. Антпейбиз, минтебиз” деп. Кыргызча акценти жок, макалдаштырып сүйлөйт эле. 

-- Зейне эжеңиз согуш жылдарынан эскерип эмнелерди айтып берчү?

-- Өтө эле карапайым турушарын айтып, Кыргызстанга келаткан жолдо Өзбекстанга поезд токтоп, ала допучандын байбичелери чоң табакка аппак, жыты буркурап мурунду жарган ысык токочторду балдарга таратканын шумдуктай кылып айтып берер эле. Эки суткага жакын тамак жебей, курсактары ачып турган балдар бейишке чыккандай сүйүнүшүп, бир заматта көңүлдөрү көтөрүлүптүр. Ушуну өмүрүнүн акырына чейин эсинен чыгарган жок.   

-- Согуш бүттү, Зейне эжеңиз Украинадагы бир туугандарын издебедиби?

-- Кайнатам бир жолу Зейне эжемдин бир тууган агасын таап, Фрунзеге апкелип кыргызча коноктоп атканда “Ксенияны мыкты багыпсыз. Илимдин кандидаты, доцент кылыпсыз. Мен болсо карапайым бойдон калдым” деп жашыса, анда Зейне эжем менин кулагыма шыбырап: “Согуш учурунда мени поездге салып атканда, вокзалдан мени карабай кетип калган. Ии-и өлүгүң көрөйүн, эми бу жерде бышмыңдап ыйлап коёт” дегени алигүнчө эсимде. 

Зейне эжемдин агасын көрүп калдым. Андан кийин менин жолдошум Руслан эркин күрөш боюнча спорттун чебери, Кыргызстандын жана эл аралык мелдештердин чемпион, СССРдин курамында бир канча жыл мүчөсү болуп, машыгууну ар кай жерде, анын ичинде Ленинград, Москва, Донецк, Киевде өтөшчү. Бир жолку барганында кыямдын (варенье) түрлөрүнөн 5-6 банка алып, Зейне эжесине барып жолугуп келген. Алар кыямдарга аябай таңгалыптыр. Кийин-кийин ошол эжеси бир кызы менен Фрунзеге келип кетти. 

-- Зейне эжеңиздин сөөгү кайда коюлган?

-- Көлдүн Корумду айылында Карамолдо Орозов менен уулу Сатыбалдынын так ортосунда жер бар экен, ошол жерге коюлду. Зейне эжебиздин көзү өтөр алдындагы керээзи боюнча аткарылды.      


Сурат Жылкычиев

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер