Максим Бакиев үчүн Каныбек Туманбаев жооп берип коёбу?

“Эл оозунда элек жок” дейт эмеспи. Коомчулуктун тар чөйрөсүндө талкууланып аткан кептерди соболдор түрмөгү катары жолдойлу. Кыргызстандагы саясый-экономикалык ири иштерге көшөгө артынан Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү кийлигишкен кербезиби? Эмесе, тийешелүү адамдардан жооп күтүү таризинде кеп улайлы.
Кыргызстанда Алексей Ширшовдун ээн-эркин бизнес кылып жүрүшү, энергетика системасын “кол баласы” Таалайбек Ибраевдин башкарганы, чүйгүндүү жерлерге өз кадрлардын коюлушу – мунун баары Максим Бакиевдин көзөмөлү алдында жүрүүдөбү? Россиядагы элчи Гүлнара-Клара Саматты да алдырып салганбы? Жаздан бери элчиликке көрсөтүлгөн кадрларга Москва агреман бербей келеби? Кумтөр, Жетим-Тоо баштаган ири кендерге Максим Бакиевдин канчалык тийешеси бар? Элдик көтөрүлүш болгон 7-апрелди тарыхый датадан чийдирип, депутаттардын колу менен “жайлаганга” буйрук бергенби? Чоң ишкердик чөйрөдө азырынча аты белгисиз байлардын чыга башташы, ириде аларды башкарган да Курманбек Салиевичтин уулубу?
Ушундай. Үлп эткен желге жараша суроолорду узатып койдук. Балким, көрүнгөн саясатка башын тыга берген Каныбек Туманбаев жооп берип коёбу? Абай сала туралы.
"Азия Ньюс" гезити