УКМК, ИИМ Максат ажыдан коркпой, туристтерге жол ачпайбы?
Өткөндө Максат ажы Токтомушев “эки атанын уул-кыздары үйлөнө берсе болот” деп коомчулуктун сынына кабылган. Андан кийин “Ысык-Көлгө даарат ала бергиле. Гусул кылып, кир жуусаңар эмнеге болбосун?” дегени кандай? Ушунчалык да түркөй беле? Ысык-Көлүбүздү ыйык бермет катары сактоого, элдин ырыскысы сыңарындай туристтерди агылтып, өлкөнүн бюджетин толтурууга кадам салуу керек да. Заманбап пиар-кампанияларды, алгылыктуу чакырыктарды жасап, чет өлкөлүк байларды тартсак жарашпайбы? Мындай шартта “шантрапа” молдолор тескери үгүт жасап атышса, кайдагы жылыш ыя? УКМК, ИИМ Максат ажы Токтомушевден коркуп отура бербей, жок дегенде эскертүү жасап, тыйып койсо не? Ансыз да зордукчул, кылмышкер, бузукулардын баары сакалчандардан чыгып атканы жалганбы?..
"Азия Ньюс" гезити