Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аттестациядан кулаган акимдер кимдер?

Аттестациядан кулаган акимдер кимдер?

25-май, 18:16
1 168 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандагы 10 райондун акими аттестациядан өтө албай калган. Алар ээлеген кызматынан бошотулганын мамлекеттик кадр кызматынын төрагасынын орун басары Олег Тарбинский билдирди.

Аларда кадрлардын региондордогу резервине кошулууга мүмкүнчүлүгү бар. Учурда бул резервде 321 талапкер бар экени белгилүү болду.

Аттестациянын жыйынтыгы менен ээлеген кызматынан бошотулган акимдер (8 адамдын тизмеси такталган):

-- Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Осмоналиев Манас Мукашевич;

-- Жалал-Абаддагы Ноокен районунун акими Осмонов Абдрахман Куватович;

-- Чүйдөгү Панфилов районунун акими Аманкулов Эмир Эркинбекович;

-- Ысык-Көлдөгү Түп районунун акими Акимбаев Бахтияр Болотович;

-- Ысык-Көлдөгү Тоң районунун акими Тилебалдиев Айбек Курманакунович;

-- Оштогу Алай районунун акими Болбур уулу Алтынбек;

-- Нарындагы Жумгал районунун акими Бозбалаев Залкарбек Үсөналиевич;

-- Таластагы Манас районунун акими Дүйшөбаев Бектеналы Бошкоевич.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер