“Сапат” алдыда. Ийгилик сыры эмнеде?

-- Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары 13 “Алтын сертификатка” ээ болушту. Мындай жетишкендикке кандайча баа берет элеңиз?
Расул Тулеев, ага окутуучу:
-- Ооба, билим берүү тармагында мурунку "Себат", азыркы "Сапат" мекемесинин бүтүрүүчүлөрү дайыма "Алтын сертификаттарга" ээ болуп келишет. Бул окутуучулардын деңгээли, окуу-методикалык усулдары, окуу үчүн түзүлгөн материалдык-техникалык базасы жана башка шарттарга байланыштуу. Бирок башкы себеби: эң күчтүү окуучуларды кабыл алып, алардын өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн арттырууда. Бул жагы сөзсүз таасир этет.
Эльдар Абакиров, ЖК депутаты:
-- “Сапатта” окуган окуучулардын саны өтө эле аз. Өлкөбүздөгү жалпы 1,5 миллион мектеп курактагыларды алсак, “Сапаттын” жалпы 30дай мектебинде 300-400дөн балдар болсо, жалпы 5-6 миңдей эле окуучу бар. Бул жерде акы төлөп окушат, ошондуктан адам бир канча сумма каражат төлөгөн соң, жакшы билим алууга аракеттенет эмеспи. Жалпысынан айтканда, ЖРТга катуу даярдык керек. Демек, даярдык маселеси жакшы каралган да.
Кеңешбек Сайназаров, эксперт:
-- Бир билим берүү мекемесинен 13 сертификат алуу бул жакшы көрүнүш. Жогорку жетишкендик. Менин билишимче, “Сапат” билим берүү мекемеси ар жылы эле ушундай ийгиликтерди жаратып келет. Ийгиликтин сыры үч нерседе деп ойлойм. Биринчиси – бул мугалим менен окуучулардын байланышы, педагогдордун тажрыйбасы өспүрүмдөрдү жетишкендиктерге багыттап тура турган системанын бар экендигинде. Экинчи ийгиликтин сыры – компетенцияны камсыздоодо трансфезалдык ыкма. Окуп билим алуу менен бирге жөндөмдүүлүгүнө карата баардыгын чыныгы турмуштук мисалдар менен колдоно алгандыгы. Үчүнчүсү – “Сапат” мекемесиндеги администраторлордун билим берүү сапатына басым койгондорунда. Бул жерде башкаруучу системасы билим берүүгө терең көңүл бөлгөндүгүндө, башкача айтканда, окуучулардын ички дүйнөсүн ача билгендеринде.
Бейшенбек Абдыразаков, экс-депутат:
-- Бул жакшы жетишкендик. Мен билгени “Сапат” Кыргызстандагы жакшы окуган окуучуларды чогултуп алып, анан окутат. Бул ийгилик окуучулардын эле эмес, мыкты мугалимдердин да талыкпас эмгеги десек болот. Негизи “Сапат” билим берүү борборунда мугалимдер үчүн да, окуучулар үчүн да жакшы шарттар түзүлгөн. Мекеме эл аралык деңгээлдеги стандартка төп келет. Ошон үчүн ийгиликти багындырып жатышат.
Эмил Үмөталиев, ишкер:
-- Абдан кубанычтамын. “Сапат” мектептери жерибизде абдан чоң атаандаштыкты жаратты. Менчик демилгенин үлгүсү да. Сапаттуу билим берген менчик мектептер көбөйө берсин. Мыкты окуган окуучуларыбыз да арбып, жаштарыбыз билимдүү болсун.
Ибрагим Жунусов, экс-элчи:
-- “Сапат” билим берүү мекемеси негизинен жакшы окутуп, балдарга да тарбияны мыкты берет. Англис, түрк тилинде окутат. Сабакты гимн менен башташып, балдарды патриоттуулукка тарбиялайт. Кыскасы, мурунку “Себаттын” учугу узарды, азыркы “Сапат” – эң жогорку деңгээлде билим берет. Ошон үчүн ата-энелер балдарын “Сапатка” бергенге аракет кылышат.
Гүлсара Мадаминова, мугалим:
-- Жакшы баа берет элем. Бирок жалпы класста, “Сапат” мектептеринде окуп бүткөн 11-класстын балдарынын ЖРТ упайларынын орто баллы канча болуптур? Ошону чыгарышса, билим сапаты так, даана көрүнмөк. “Мыкты жыйынтык берген 13 баланын артында босого баллга да жете албай калган канча бүтүрүүчү бар болду экен? Ай сайын акча төлөп окуткан жалпы ата-энелердин, окуучулардын үмүтү акталды бекен?” деген суроолорго да ойлоном.
Эрлан Бекчороев, оппозиционер:
-- Мамлекеттик мектептерге болжолдуу 650 000 000 доллар жалпы бюджеттен коройт. 2400 мектеби бар билим берүү министрлиги бюджеттен эң көп коромжу кылат. Жеке менчик 16 лицей көп жерден алдыга озуп, өлкөбүздүн туусун көтөрүп келишүүдө. Албетте, ошончо каражатты талап кылып, окутуп жатышкандан кийин жыйынтыгын көрсөтүш керек да. Мамлекеттик мектеп болобу, же жеке менчикпи, өлкөбүздүн атынан чыгышат. “Сапатты” колдоп гана турушубуз керек!
Тимур Саралаев, активист:
-- “Сапаттын” окуучулары 13 “Алтын сертификат” алганына караганда, ал окуу жайда билим берүүдөн тышкары балдарды жоопкерчиликке жана эмгекчилдикке багыттаган тарбия берүү системасы туура жолго коюлган. Алгылыктуу мыкты окуу жайбы, ал жерде кандай гана дасыккан адистер иштебесин, тарбия берүү дурус болбосо, билим алуу кыйын да. Менимче, үлгү ала турган окуу борборлор бар, алардын көч башында “Сапат” окшойт.
Гулнара Дайырбекова, «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин башкы директору:
-- Эң сонун көрсөткүч. Ар бирибизде ушундай ийгиликтер болсун. Азаматтар, кубанычтабыз!
Тургунбай Алдакулов, журналист:
-- ЖРТнын жыйынтыгы билим берүү мекемесинин деңгээлин аныктаган көрсөткүчтөрдүн бири болуп калды. Бүтүрүүчүлөр жогорку балл менен окууну аяктап атышса, демек, ал лицейде билим берүүнүн сапаты жакшы. "Сапат" лицейлеринде улуттук тестирлөөдөн сырткары дүйнөлүк окуу жайлардын сынактарына, эл аралык олимпиадаларга даярдоо курстары мыкты жолго коюлган. Бул жагын да эске алуу керек. Ийгилик жараткан көп багыттары бар. Окуучунун сапаттуу билимине, мыкты тарбия алуусуна да көңүл бурулган. Менин үч уул, бир кызым ушул лицейден билим алышты. Учурда 100 миң долларлык контрагы бар университеттерде акысыз окушат. Ата катары "Сапаттын" билим-тарбия иштерине ыраазымын жана жогору баа берем.
Айтмакчы, ЖРТ боюнча билим берүү мекемелеринин деңгээлин баалаганда, "Алтын сертификаттан" сырткаркы балл алгандарды да эске алыш керек. Мен билгенден "Сапатта" "Алтын сертификатка" аз гана балл жетпей калган окуучулары көп болот.
Негизи, "Сапаттынбы", башка мектептин болобу, алардын баары өзүбүздүн окуучулар. Мыкты билим алышып, күчтүү кадр болуп чыгышса, жалпы мамлекетибиздин келечегине кызмат кылышат. ЖРТ жыйынтыгын билим берүү мекемелеринин сергек атаандаштыгы катары эле кабыл алсак жакшы болмок. Ушундан да “бөйрөктөн шыйрак чыгарып”, саясат жасаган такыр туура эмес. Кайсы мектепти аяктабасын, алардын баары биздин балдарыбыз, эртеңки келечегибиз.
"Азия Ньюс" гезити