Парламентке базарчы Жумабек Салымбеков жетпей атты беле? “Эшегине жараша тушагы” дейт

Учурда Кыргызстандагы үч округдан Жогорку Кеңешке шайлоо кампаниясы жүрүп атат. Эл деле анчейин көңүл бурбагандай. Себеби, депутатардын кадыр-барктары жок. Алдай беришип, ашмалтайлары чыгып калышкан да. Ал эми талапкерлерди көпчүлүк деле тааныбайт. Маселен, Свердлов бир мандаттуу округунан Жумабек Салымбеков атсалышууда. Базардан байып, жеке басарлыкка өткөн бул эргулдун пайдалуу иштерин билбейт экенбиз. Көптүн бири. Болгону калтасында акчасы бар. Ошон үчүн шайлоочулардын башын айландырып, арзыбаган убадалар менен убайымга салууда. Ансыз да парламенттин баркын коммерсанттар кетирип бүтүшкөн. Дагы бир базарчы жетпей атты дейсизби? Негизи саясатка, мандатка эл аралык деңгээлдеги билимдүү кадрлар барбай калышканы качан... Дал ушундай Салымбековго окшогондор салпаңдап чыгышып, мамлекетибиздин бир бутагы болгон мыйзам чыгаруу палатасын булгап бүтүштү. “Эшегине жараша тушагы” дегендей да. Бийлик качан оңолот?
"Азия Ньюс" гезити