Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Поездин келе жатканын укпай уктап калган жаран куткарылды

Поездин келе жатканын укпай уктап калган жаран куткарылды

26-июль, 17:32
716 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Поездин келе жатканын укпай темир жолдо уктап калган жаранды кайгуул кызматкерлери куткарып калышты. 

Маалым болгондой, милициянын  кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда поездин келе жатканын укпай уктап калган адамды куткарып калышкан.

"Темир жол тосулуп, авто унаалар поездин өтүп кетүүсүн күтүп, токтоп турган болот. Кайгуул кызматкерлери башка унаалардай эле күтүп токтоп турган учурда, алыстан  темир жолдо белгисиз жаран жаткандыгын байкап калышат. Аңгыча каттуу ылдамдык менен келе жаткан поездин каттуу үнү угулат, ошого карабастан ыкчам аракеттин негизинде, өз өмүрлөрүн тообокелчиликке салып, темир жолдо жаткан жаранды куткарып калышат.

Кийин тактоо учурунда бул жаран өз сөзүндө өз жанын кыйууга аракет кылбагандыгын жана мас абалында жөн кана уктап калгандыгын айтып,  туруктуу жашаарга үй-жайы жок жаран экендигин билдирет", -деп айтылат маалыматта.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер