Акыркы кабарлар
» Коом » Кытайда жаныбардан адамга жуккан жаңы вирус табылды
Кытайда жаныбардан адамга жуккан жаңы вирус табылды
09-август, 12:29

Кытайлык жана сингапурлук илимпоздор жапайы жаныбарлардан адамга жугуучу генипавирустун жаңы түрү табылганын жарыялашты. Бул тууралуу “Paper” басылмасы жазды. Алар аны “ланье” вирусу деп аташты. Маалым болгондой, Кытайдын Шаньдун жана Хэнань провинцияларында буга чейин 35 кишиден инфекция катталган.
"Шаньдун жана Хэнанда жаныбардан жукчу жаңы генипавирус табылды, ал адамдарга өтүп кетип жатат" деп айтылат окумуштуулардын билдирүүсүндө.
“Ланье” вирусун жуктургандарда калтыратма, чарчоо, жөтөл, тез арыктоо, булчуңдардын оорушу, жүрөк айлануу сыяктуу симптомдор байкалууда.
Эксперттердин айтымында, бул инфекция мурда өтө оор кесепетке же өлүмгө алып келчү эмес. Бирок кырдаалды тыкыр көзөмөлгө алуу керек. “Ланье” вирусунун адамдан адамга жугар-жукпасы азырынча аныктала элек. Бул вирус ачылганга чейин генипавирустардын эки түрү: “нипа” жана “хендра” бар эле. Алар да жаныбардан адамдарга жукканы белгилүү болгон. Жарганаттар жапайы жаратылышта бул инфекциялардын табигый резервуары деп эсептелет.