Эрик Жандыбаев: “Кыргыз көмүр” ишканасы менен энергетика министрлиги ортомчу компаниянын иштөөсүнө кызыкдар”
-- 8-9 күндөн бери иш таштоо болуп атыптыр, себеби эмнеде?
-- Балыкчы шаарында, Кочкор жана Жумгал райондорунда 250дөн ашуун көмүр ташып иштеген айдоочулар 7-8 күндөн бери иш таштап, тынчтык акциясында турабыз. Буга көмүр ташуу наркынын өтө эле төмөн берилиши себеп болду. Тактап айтсак, жеке оор жүк ташыгандар менен ортомчу компаниянын ортосунда коюлган баа 1 тонна көмүргө 900 сомду түзүүдө. Мындан улам, айдоочулар антимонополия тарабынан коюлган 1200 сомду төлөп, ортомчу компаниясыз ташуу талабын коюп жатабыз.
-- Буга чейин ортомчу компания төлөп берген баага эмне үчүн нааразы болгон эмессиздер? Негизи ал компаниясыз түзмө-түз иштөөгө мүмкүн бекен?
-- Бул баа азыркы кымбатчылыкка байланыштуу өзүн-өзү актабай калды. Тетиктер, күйүүчү май күндөн-күнгө кымбаттап атат. Анүстүнө азыр мурдагыдай көмүрдү ашыгы менен жүктөп келүүгө жол берилбейт. “Биз ортомчусуз түз иштейбиз” деген талапты толук түрдө аткаруу мүмкүн экенин ЖЭБдин өкүлдөрү айтышкан. Ошондой эле премьер-министр Улукбек Мариповго кат жүзүндө кайрылдык. Эми биздин көйгөй тезирээк чечилсе деп турабыз.
-- Ортомчу компаниянын жеке өзүндө канча унаа бар?
-- Аларда бир дагы жүк ташуучу машина жок. Алар ташып берүүчү компания катары биздин ортобузга кирип алганы үчүн эле бизге тийешелүү акчаны алып отурушат.
-- Компания кимге таандык? Ал кандай жолдор менен ортого кирип калган?
-- Аны билбейбиз. Бирок, ошол эле “Кыргыз көмүр” ишканасы, энергетика министрлиги ортомчу компаниянын иштөөсүнө кызыкдар. Ошондуктан бул маселени өкмөт башчы, президент өзү кийлигишип чечип берет (!) деген үмүттөбүз. Ошондо ортодо түзүлгөн коррупциялык система жоюлмак.
-- Иш таштоо дагы канчага чейин уланат?
-- Биз койгон талап аткарылмайынча улана берет.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити