Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ала качкан, зөөкүр күйөөмдү нике түндөн кийин сүйүп калдым

Ала качкан, зөөкүр күйөөмдү нике түндөн кийин сүйүп калдым

25-июнь, 13:06
4 483 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турмушка чыканыма 5 ай болду. Жолдошумду эки эле жолу көргөм... Башта жигитим бар болчу. 4 жыл сүйлөшүп аябай жакшы көрчүмүн. Бирок акыркы убакта көп ичип кетти. Ичимдикке берилгени көңүлүм сууй баштады. Айылга келгенимде жигитим тууралуу угуп жүргөн ата-энем башка адамга күйөөгө берүүгө шашышты. Эки жигит менен тааныштырышты. Жаккан жок. Үчүнчү жигит азыркы жолдошум эле. “Жакшы бала экен” деп үйдөгүлөр ага турмушка узатууга ашыгышты. Болочок күйөөмдүн жүрүм-туруму орой, зөөкүр экен, ой-боюма койбой эле ала качып кетти. Бир чети ата-энемдин көңүлүн да кыя албай макул болдум. Башында жакпай жаткан. Нике түндөн кийин күйөөмдү сүйүп калдым. Мен тескери ойлогонума уялдым ичимден... Мурдагы жигитимдей башымды оорутпайт. Ичпейт, чекпейт. Көңүлүмдү карайт. Кош бойлуу болуп калганымда ого бетер камкор болуп, менин сезимдеримди козгоду. Аялзатынын көңүлү гүл эмеспи. Орой мамиле эмес, сени түшүнүү менен кароо сүйдүрүп коет экен. Мен ошентип, никеден кийин күйөөмдү сүйүп калдым...

Айзуура

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер