Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Жаныбек Абиров билимдүү депутаттардын бири”
-- Улугбек Зулпукарович, башкы прокуратура Жаныбек Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурап парламентке кайрылды. Бул сунуш эл өкүлдөрү тарабынан канчалык колдоо табышы мүмкүн?
-- Эгер сунуш келген болсо, Конституциялык мыйзамдар боюнча комитет карагандан кийин депутаттык комисия түзүлөт. Комиссиянын жыйынтыгын карайбыз да. Ошондо билинет.
-- Сиз өзүңүз кандай деп ойлойсуз?
-- Толук көрбөгөндөн кийин айтыш кыйын азыр. Кандай болду? Эмне болду?.. Негизи эле моралдык жагынан бул туура эмес. Депутаттык этика деген бар. Элдин өкүлү болуп, көпчүлүктүн добушун алып келгенден кийин коомдук жайларда өзүн алып жүргөндү билиш керек. Жазылган, жазылбаган да нормалар бар. Ал эми кылмыш жагынан кандай болгону депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгында билинет.
-- Депутат өзү кечирим сурабадыбы, ошол жетиштүү болобу?
-- Жөн эле, үйүнө барып алып кечирим сурабай, жалпы коомчулуктун алдына чыгып, жалпы коомчулукка кайрылып, “кечирим сурайм” деген да өзүнчө чоң кадам. Депутатыбыз Жаныбек Абиров жаш жигит. Шаардык кеңеште иштеген. Билимдүү депутаттардын бири.