Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Польшадан AstraZeneca вакцинасы келди. Мөөнөтү кандай болду экен?

Польшадан AstraZeneca вакцинасы келди. Мөөнөтү кандай болду экен?

11-октябрь, 17:56
1 286 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Польшадан Кыргызстанга 55 миң 200 доза AstraZeneca вакцинасы келди. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Twitterдеги баракчасына жазды. Вакцина биримдиктин жарандык колдоо механизминин алкагында коронавируска каршы күрөшүү үчүн алынып келинген.

Кыргызстандын республикалык иммунопрофилактика борбору октябрь айында 420 миң дозадай вакцина келе турганын билдирген. Маалыматка караганда, ушул айда AstraZenecaдан сырткары Pfizer, Sinopharm вакциналары келиши керек.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Азыр Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Спутник V, COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Учурда эмделгендердин саны 1,5 миллиондон ашты. Алардын 874 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер