Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапаров казак президентинен чек арадан өтүү тартибин чечүүнү өтүндү

Жапаров казак президентинен чек арадан өтүү тартибин чечүүнү өтүндү

06-апрель, 18:27
1 050 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефондо сүйлөшкөндө чек ара маселеси талкууланды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров Токаевден чек араны Кыргызстандын жарандары үчүн ачуу маселесин оң жагына кароону өтүндү. Казак президенти бул жаатта тийиштүү органдарда тапшырма бере турганын билдирди. Казакстан чек арадан өтүү тартибин 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу катаалдаштырган.

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары 6-апрелде телефон аркылуу сүйлөштү. Токаев президент Садыр Жапаровду "Центерра" компаниясы менен талашты жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу менен куттуктады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер