Жаныш Курбанов, багбан: “Эрменди кайнатып туруп картошкага, алмага чачсаң, такыр курт жолобойт”


-- Жаныш ава, аксылыктар сизди мыкты багбан катары таанышат, дайыма кеңеш сурашат. Бул өнөрдү кантип үйрөнгөнсүз?
-- Мен питомникке директор болуп иштеп жүргөндө токойдун көп сырларын үйрөндүм. Көчөт өстүрүүнү, кеселдеген дарактарды дарылоону. Анан 2015-жылы айылга көчүп келген соң, эл менден кеңеш сурай башташты. Бирөөгө үйрөтүш үчүн даярдык керек да. “Башкаларга үйрөтөм” деп өзүң дагы үйрөнө баштайт экенсиң. Мен да китепканаларды кыдырып, багбанчылык боюнча китептерди окуй баштадым. Ошол китептер мага чоң жардам берди.
-- Азыр алма гүлдөө алдында турат. Аны качан, канча жолу дарылаган туура?
-- Бизде көбүнчө кытайдын дарыларын колдонуп жатпайбызбы, мисалы, дустту. Аны дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эчак пайдалануудан алып таштаган. Анткени, ал рак сыяктуу көптөгөн коркунучтуу ооруларды пайда кылат. Ошол эле учурда биздин өзүбүздө эч зыяны жок чөптөр бар. Айталы, эрмен. Ошону кайнатып туруп чачып койсоң картошкага, алмага да такыр курт жолобойт. Же болбосо тегерете тигип коюш керек. Адырашман, кекире, жаңгактын жалбырагы деле ошондой эле натыйжа берет. Уксусту, алтын күкүрттү деле пайдаланса болот. Дарылар үч класска бөлүнөт: биринчи, экинчи класстар өтө уулуу. Ал эми үчүнчү класстагы дарылар зыянкечтерди бир аз жайыраак өлтүргөнү менен адам өмүрүнө зыяны жок. Ошон үчүн үчүнчү класстагы дарыларды көбүрөөк колдонуш керек.
-- Дарыны кайсы учурда чачкан натыйжалуу?
-- Күзүндө, жалбырактар 50-60 пайыз түшкөн кезде 500-700 грамм (эгер бак оорубаган болсо 300 грамм жетет) мочевинаны чачыш керек. Жалбырагы түшкөндөн кийин 500 грамм темир сульфатын он литр сууга аралаштырып, дарактын сөңгөгүнө, бутактарына, жерге кошо чачылат. Темир сульфаты табылбаса, бордос аралашмасы деле жарай берет. Анан эрте жазда, абанын температурасы 5-10 градуска чейин ысыганда жогорудагы дарыларды кайра кайталаш керек. “Хорус” менен “Скор” бирдей эле натыйжа берет. Бирок, алар температурага көз каранды. “Хорус” 15 градуска чейин, “Скор” 20 градустан жогору жакшы таасир берет. Бул шабдалы менен кокон гиласка өзгөчө жакшы. Шабдалынын мөмө берүү мөөнөтү 3-4 жыл деп жүрбөйбүзбү. Анын эң жаман оорусу – бул чайыр. Эгер ушул оорудан сактап, жанагы эки дары менен дарыласа 40-50 жыл түшүм берет. Айрыкча 3 пайыздык бордос аралашмасын эрте жазда чачсак шабдалы эч оорубайт.
-- Жер семирткич катары койдун кыгы пайдаланылат эмеспи. Аны кантип колдонуу керек?
-- Ал дарактын бутагынын узундугуна жараша болот. 4 квадрат метрге он кило көң салыш керек. Көңдүн жаңысы эмес, эки жыл сакталганы өтө жакшы. Жаңы көңдө амиак болот, ал тамырды күйгүзүп ийиши мүмкүн. Анан көңдү дарактын түбүнө салбаш керек.
-- Өзүңүздүн канча түп алмаңыз бар?
-- 200 түптөй алмам,100 түптөй кайналым бар. Жүзүм, курма, анар, лимон да бар. Быйыл анжир тиктим. Семинарларда элге алманын түшүмдү көп берчү беш, кайналынын үч сортун сунуш кылып жатам.
-- Аксыда да жүзүм өсөбү?
-- Өтө жакшы болот! Жүзүмгө чача турган дарыларды да өзүм жасайм. Өтө арзан. Мисалы, бир бөтөлкөсү элүү эле сом турат. Ал миң литр сууга аралаштырганга жетет.











