Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бабырбек Жээнбеков куугунтукка карабай, элдин көзүн ачууга чоң салым кошкон”

“Бабырбек Жээнбеков куугунтукка карабай, элдин көзүн ачууга чоң салым кошкон”

04-октябрь, 14:28
1 220 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Качкын Булатов, укук коргоочу: 

-- Мен Бабырбекти 2005-жылдан кийин юрист катары тааныгам. Өтө билимдүү, интеллигент, катуу айтпаган, кимге болбосун урмат-сый менен мамиле кылган, эч кимдин көңүлүн калтырбаган адам эле. Өтө адамгерчиликтүү, чындыкты сүйгөн, замандан артта калбаган демократ болчу. “Алиби” гезитин да чыгарып, “Башат” деген сайтты да иштетип, ошол эле мезгилде адвокаттык конторасын да ала жүрдү. Элдин укугун коргоодо, адилеттүүлүк үчүн күрөшүүдө ченебеген кызмат кылды. Коррупцияга каршы турду. Бийликтин куугунтугуна да чыдады. Жеке өзү эле эмес, уулуна, чыгарып жаткан гезитине да басым-кысым көп болду. Бирин жапса, экинчисин ача салып, ошол мезгилдеги бийликтин урашына чоң салым кошту. Муштумдай жүрөгү менен баардык кыйынчылыктарды көтөрүп, чоң журналисттерди тарбиялады. “Алиби” акжолтой гезит болуп, көп журналисттер чыкты. Алды министр, депутат, аркасы редактор болду. Бабырбек Жээнбековдун эмгегин өкмөт да баалашы керек эле. Эмнегедир бааланбай калды... 

Ташболот Балтабаев, экс-депутат: 

-- Бакиевдин заманында Бабырбек Жээнбеков менен оппозициялык күч болдук. Күрөштүк. Кечээги жана бүгүнкү мамлекеттин жетекчилери менен ошол кезде оппозиция болуп, чоң биригүүлөргө барып жүрдүк. Ошол кезде Бабырбек оппозициянын үнүн, көз карашын ачык чагылдырып, элдин калың катмарына жеткирип, оппозицияга таяныч болду. Оппозициялык күчтөр ар түрдүү болсо да, бирөөнүн кулу болгон жок. Тагыраагы, оппозициялык лидерлердин ортосунда нейтралдуулукту сактады. Өз линиясында иш алып барды. Оппозицияда дагы калыстыгынан тайыган жок. Профессионалдуулугун көрсөттү. Менин эсимде, Бабырбек белдүү, коркпогон журналист катары калды. Кыргызстандын эгемендүүлүккө ээ болгон тарыхында Мелис Эшимкановдон кийинки мыкты журналист Бабырбек Жээнбеков болду. Кыскасы, “Бабырбек Жээнбековдун гезитин чыгарбайбыз, элге оппозициянын үнүн угузбайбыз” деген бийликтин соккусуна да кабылды. Эптеп бир шылтоо таап, аны доого жыгып, камоонун да аракетин көрүштү. Ооруканага жатып калып, операцияга муктаж экенин билишкенде гана бийлик ал оюнан кайтты. Чынында ал мезгилдеги заман менен азыркы кезди салыштырып болбойт. Ал убакта чыны менен оппозициялык гезитте иштеш оор эле. Бийлик криминалдар аркылуу журналисттерге чейин коркутуп-үркүтүп турчу. Кыскасы, ошол кыйынчылыктын, куугунтуктун, басым-кысымдын баарын Бабырбек Жээнбеков көтөрүп, элдин көзүн ачууга чоң салым кошту. Кесипкөйлүгүн көрсөттү. Күрөштөн чарчаган жок. Бийлик тараптан келген соккуларга жетиштүү жооп берип, бир гезитин жапса, экинчисин чыгарып турду. Айтмакчы, менин каттатып койгон “Ачык саясат” деген гезитимди дагы Бабырбек иштетип, Бакиевдин режимине каршы күрөшүүдө чоң салымын кошту. 

Турат Мадылбеков, экс-депутат:  

-- Мен Бабырбек байке менен 15 жылдай санаалаш болдум. Жакшы мамилебиз достукка айланды. Бабырбек байке менден улуу болсо да теңтуштай сүйлөшчүбүз. Жолдошчулукка да бекем болуп, тамашаны да жакшы көтөрчү. Ичинде кири жок, жүрөгү таза адам эле. Башкалардай куйтуңдабаган, өз кызыкчылыгы үчүн бирөөнүн башын аттабаган принципиалдуу адам болчу. Мен ушундай асыл адам менен дос болгонума сыймыктанам. Биз көп учурда мыйзамдардын кем-карчын сөз кылчубуз. Бабырбек байке мыйзамды семичкедей чакчу. Биз көп жыл Бакиевдин режимине каршы күрөштүк. Ал өтө билимдүү, практикалык да, юридикалык жактан да тажрыйбасы мол, такшалган юрист болгондуктан, көп жардам берди. Сот менен тергөөчүнүн катачылыгын бетке айтчу. Көп учурда “сот өз кызыкчылыгына жараша чечим чыгарып койду”, же болбосо “тергөө жетишсиз экенине маани берилген жок” деп кейип калчу. Адилетсиздик болгон жерде чындыктын таламын талашчу, күрөшүүдөн талыкчу эмес. Фактыга таянчу. Диплому жок болсо да журналист эле. Үч гезитти катарынан чыгарып, кыйын кезде оппозицияга чоң күч берди. Калеми да курч эле. Көйгөйлүү маселелерди жалпы коомчулукка шурудай тизип чыгарып турчу. “Кыргызстаныбыз өнүксө, экономикабыз өссө” деген кыялдары бар эле. Революциядан кийин чоң кызматтарды бергенде Бабырбек байке мамлекет үчүн жакшы иштемек. Мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошмок. Тилекке каршы, анын орду башка бирөөгө керек болуп калып, жакшынакай иштеп жаткан жеринен кызматтан алып коюшту. “Элим, жерим” деген, мамлекеттин кадырын билген, адилеттүүлүктү баарынан жогору койгон адамды баалашкан жок. 

Турсунбек Акун, укук коргоочу: 

-- Биринчи жолу Бабырбек байкени Жогорку соттон көргөм. Равшан Жээнбековдун атасы экенин укканымда “чекчейген киши экен, Равшандай эле көрүнөт тура” деп таңгалгам. Күчтүү юрист эле эмес, юрист-укук коргоочу эле. Мыкты адвокат болчу. Эки сотту утуп алганына күбө болгом. Журналист катары да күчтүү болчу. Бир канча гезитти чыгарып, үй-бүлөлүк режимге каршы күрөштү. Мен билгени Бабырбек байке балдарына татыктуу билим, жакшы тарбия берген камкор ата эле. Жөнөкөй жүрчү. Качан барба, редакциянын алдында жардам сурап келгендерге кеңешин берип, абалдан чыгуунун жолун көрсөтүп берчү. Бул кишинин ишмердүүлүгү антимонополиялык кызматы жетектеп турганда башталды. Бааларды кармап туруу боюнча катуу аракеттерди көрдү. Ал мамлекеттик кызматта турса да, кара кылды как жарган калыстыгынан тайыган жок. Саясатты да жакшы түшүнгөн үчүн премьерге баш ийбей, элдин таламын талашып жатып кызматтан кетти. Акыры асылган оору алып тынды. Кыргыз коомчулугу менен укук коргоочулар бул кишинин элесин түбөлүк эстерине сактайт. 

Назира Саалиева, журналист:

Белгилүү журналист, юрист, публицист, акын Жээнбеков Бабырбек Субановичтен ажыраганыбызга үч жылга аяк басып калыптыр. «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттердин башын бириктирип, устат-насаатчы болгон Бабырбек Субановичти 30-сентябрда эскергени турабыз. Аттиң арман, көзү тирүү болгондо 70 жашын белгилемек экенбиз… Эскерүү эмес, мааракесин өткөргөнүбүздө кана?.. Сөз эркиндигине чоң салым кошуп кеткен асыл адамыбыздын гезитинен ысымын таанытып, атактуу саясатчылар менен таанышып, жакшы мамиле түзүп, депутат болгон журналисттер да бар. Үч гезитинде бир топ журналисттер иштедик. Алардын бири менмин. 

Бабырбек байке ар дайым адамды угууга, жардам берүүгө даяр жароокер, ак көңүл, колу ачык, жумшак, адамга катуу айтпаган айкөл адам эле. Бизге чексиз адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү менен үлгү болду. Намыскөй болчу. Кызматка кызыкчу эмес, болбосо 2010-жылдагы революцияга чоң салым кошкон. 2009-жылы Бакиев бийлигине каршы Бириккен Элдик Кыймылы (БЭК) түзүлгөн. Анда Бабырбек Субанович эң активдүү жана белдүү мүчөлөрүнүн бири болгон. Ошол учурда алар бат-бат чогулушуп, ачык да, жабык да эшик артында көп маселелерди талкуулашып, ынтымак менен Бакиевдин бийлигин кулатышкан. Кулаткан саясатчылар таасирдүү, майлуу кызматтарды ээлешкен. А Бабырбек Субанович кызматка жулкунган эмес. Ал тууралуу «Алакан» сайтына минтип эскергени бар: «Баардыгы тийешелүү кызматтарды ээлеп отуруп калышыптыр. Болгону 3-4 кызмат: транспорт министрлиги, социалдык камсыздоо министрлиги, Маммүлк калыптыр. Ушул үчөөнүн бирөөсүн тандоомду сунушташты, мен баарынан баш тарттым. Транспорт министрлиги кесибиме туура келбейт, Маммүлктө мурда балам иштеп кеткен. “Жээнбековдорго энчиленген орун беле?” деп баш тарттым. “Социалдык камсыздоо министрлигин болсо, Бөдөш Мамыровага бергиле, аял киши, эмгеги чоң” дедим. Ошентип, өзүм гезитте эле иштеп жүргөм, бир күнү Атамбаев чакырып калды. Ал: “Байке, кызматтардан эмнеге баш тартып койдуңуз? Антимонополия бош турат, ошого барыңыз. Сиздин эмгегиңиз зор, айрыкча Таласта чоң эмгек кылдыңыз. Революцияны чогуу жасадык, эми чогуу иш кылалы” деди. Андан да баш тартканыма болбой көндүрдү. Бирок, сөзүнө турбады. Атамбаевдин сөзүнө ишенип, парламенттик шайлоого да барбадым. Болбосо, күчтүү партиялардын баары чакырышкан. Депутат болуп парламентте отурууга толук мүмкүнчүлүк бар эле. («Алакан». 2017-жыл).

Анан эле капысынан ооруп калып, президент аппаратынын жана өкмөттүн клиникалык ооруканасында дарыланды. Барып, көрүп, диагнозун угуп, жаман абалда калдым. Айтууга ооз барбай турган, чок баскандай чочуй тургандай дарт... Чынын айтсам, кан басымым көтөрүлүп, жаман болдум. Ичим ачышты… Тилекке каршы, 2019-жылы жазында каза болуп калды. 23-мартта сөөгү жерге берилген. Куран окуп, эскерүүдөн башка аргабыз да, айлабыз да жок эми… Бабырбек Субанович, сиздин алтын мүнөзүңүз, жаркын элесиңиз биздин жүрөктө түбөлүк сакталат. Сиз жөнүндө айтчу сөз, жазчу нерсе али алдыда. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун! Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар! 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер