Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңишбек Токторбаев, ЖК депутаты: “Самат Курманкуловдун акыбалы абдан оор экен”

Жеңишбек Токторбаев, ЖК депутаты: “Самат Курманкуловдун акыбалы абдан оор экен”

18-ноябрь, 09:00
507 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жеңишбек Шермаматович, Кой-Таш окуясынан жабыркаган Чүй ОИИБнин мурдагы начальниги Самат Курманкуловдун абалынан кабар алып келипсиздер. Полковниктин акыбалы кандай экен?

-- Биз өткөн жекшемби күнү кесиптешибиз Кундузбек Сулайманов менен чогуу үйүнө барып келдик. Акыбалы абдан оор экен. Абдан начар! Тим эле жаш баладай боздоп ыйлап, “байке, жардам берип коюңуз” деди. Мен өзүмдүн жаныман 30 миң сом бердим. Кесиптешим да берди окшойт, билбейм, канча берди. Айттык эми, “тагдыр-насип деген ушундай экен, сабыр кылыңыз. Бирок, мен Жогорку Кеңешке барганда сөзсүз бул маселени көтөрөм” дедим. Мына азыр сунуш бердим. Депутаттар бир күндүк маянасын чегерип бермей болдук, Кудай буюрса. Мындан тышкары, мен президенттин парламенттеги өкүлү Алмаз Акунжанович менен да сүйлөштүм. Ал киши да “министр менен сүйлөшүп кандай жардам керек болсо беребиз” деди.

-- Бир күндүк маянаны чегерүү демилгеңиз албетте жакшы. Бирок, депуттар аны колдошобу?

-- Колдоп беришпедиби! Уже добуштан өттү. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер