Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Акаев: “Иманалиев ишке ашпаган нерсени айтпаса керек”

Жанар Акаев: “Иманалиев ишке ашпаган нерсени айтпаса керек”

02-март, 19:54
608 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жанар мырза, жаңы дайындалган билим берүү министри Каныбек Иманалиев бир топ демилгелерди көтөрүп жатат. Мисалы, мугалимдерге “Кыргыз Эл баатыры” наамын ыйгаруу, жылдын мыкты мугалимдерине батирлерди, миллион сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды берүү... Сиздин оюңузча, бул канчалык реалдуу?

-- Менин оюмча, Каныбек Иманалиев мындай демилгелерди президент, министрлер кабинетинин төрагасы менен сүйлөшүп, макулдашкандан кийин көтөрдү окшойт. Ишенимдүү айтып атканына караганда, мен ошентип ойлойм. Иманалиев андай иштерди жасап коюшу мүмкүн. Себеби, ал демилгечил адам, акча табышты билет. “Донорлор менен да иштешем” деп жатат. Ал көтөргөн демилге бюджет үчүн өтө деле чоң сумма эмес. Бирок, мугалимдердин кадырын көтөрүп, алардын ишине бир топ эле стимул берет.

-- Демек, бул ишке ашырса боло турган демилге дейсизби?

-- Ооба. Анткени, Каныбек Иманалиев төрт жолу депутат болгон, бир топ ишканаларды башкарган. Ишке ашпаган нерсени айтпаса керек дейм да.

-- Билим берүү министрлиги да бир топ коррупциялашкан тармак катары эсептелет. Эгер коррупциянын каналдарын буучу болсо, ичтен деле кыйла резервдер табылса керек?

-- Туура. Азыр министрликтин бюджети 54 миллиард сомго чейин чыкты. Бирок, андан тармак жакшырып деле кеткен жок. Андыктан, системаны жөнгө салбаса болбойт. Бул боюнча биз конкреттүү сунуш бердик. Мисалы, “бала бакча ачам” дегендерге бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюп, лицензияны жокко чыгаруу. Экинчиси, мугалимдерди түмөн түйшүктөн арылтып, аккредитацияны жокко чыгаруу. Айылдарга барсаңыз мугалимдер “комиссия келет, аккредитациядан өтүшүм керек” деп билим берүүнү унутуп калып эле пачка-пачка кагаз жыйноо менен убара. Алардын колун бошотуш керек. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер