Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, аягы тополоң-тозго айланып кетпейби?

Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келиши, Кумтөр боюнча сурак берип, өзүнө жол ачып атканы байкалууда. Акталуу процесси башталганы, көмүскөдө чийеленген көп иштер жатканы ырас. Жыйынтыгында, кандай негизде Аскар Акаевдин бийликке жардам берерин аңдайбыз... Муну менен Курманбек Бакиевдин да Кыргызстанга кайтып келишине негиз түзүлгөнү, кызыгы, коомчулукту көндүрүү вазийпасы кылтыйды. Бирок, канкор келсе аягы тополоң-тозго айланып кетпейби? Элибиз Бакиевди жана үй-бүлөсүн кечирбейт. Себеби, алардын бийлиги тушунда ондогон буюртма өлтүрүүлөр, ал эми 7-апрель төңкөрүшүндөгү 90 адамдын атылышына кимдер жооп бериш керек? Албетте, Курманбек Бакиев бир туугандары, балдары менен жоопкер. Мындан сырткары, мамлекеттик деңгээлде коррупциялык талап-тоноолор боюнча тергөө, соттук иштер жылдап уланышы мүмкүн. Ток этери, канга чыланган бул үй-бүлө мекенибиздин босогосун аттаса эле түптүз түрмөдөн орун алышары шексиз. А эгер бийлик ардактоого амалданышса, акыйкат издеген көпчүлүк чыдап тура алабы? Элестетсең жүрөк титирейт...
"Азия Ньюс" гезити