“Ага теңелбе, ден соолугу жайында эмес” деп өзүмдү сооротом...

Уруш башталганда, мен өзүмдү кармап, ага теңелбей, ичимден өзүмдү жоошутуп кирем: “Сен ага теңелбе, ал ушундай жинди, анын ден соолугу жайында эмес, Аллахым өзү шыпаа берсин. Ал эмне дегенин өзү билбейт. Эгер анын акылы жайында болгондо, бул нерсени кылмак эмес...”, – деп.
Бир канча убакыт ушинтип өзүмдү кармап, ага теңелбей жүрдүм. Албетте, кээде өзүмдү араң кармандым. Бирок сабырдуулуктун баары акыры мага жеңишти алып келди. Жолдошум да акыркы күндөрү мага карап, сөз кайтарбашымды, ага карап акыйнек айтышпаганымды байкап жатты. Күндөн күнгө ага болгон мамилемдин сылыктыгын жана жумшактыгын сезгенин көздөрүнөн, сүйлөгөн сөздөрүнөн байкап жүрдүм. Ал да мага жылуу мамиле кыла баштады. Мурдакыдай үнүн бийик чыгарып, кыйкырбай калды. Акыры барып жаңы түрмуш курган жаш жубайлардай болуп калдык. Биздин үйдө согуштун ак байрагы көтөрүлдү. Тынчтык өкүмү сүрө баштады. “Сабырдын түбү сары алтын” дегени мына ушул турбайбы “,-деп акылдуу аял сөзүн аяктады.
Белгисиз автор