Акыркы кабарлар
» Коом » Чоң атасынын унаасын уурдаган 17 жаштагы жигит кармалды
Чоң атасынын унаасын уурдаган 17 жаштагы жигит кармалды
05-ноябрь, 17:37
451 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ысык-Көл облусунун тургуну короосунда токтоп турган “Ауди 80” үлгүсүндөгү унаасын кимдир-бирөө уурдап кеткенин айтып, милицияга арыз менен кайрылган.
Жергиликтүү милиция кызматкерлери жоголгон унааны Каракол шаарынын четинде токтоп турган жеринен табышты.
Бөлүшүү:
Жергиликтүү милиция кызматкерлери жоголгон унааны Каракол шаарынын четинде токтоп турган жеринен табышты.
Арадан көп өтпөй эле ал унааны үй ээсинин өзүнүн 17 жаштагы небереси уурдап, айдап барып, шаар четине токтотуп качып кеткени аныкталды.
Ошол эле күнү дагы бир айдоочу “Ниссан-Тирана” үлгүсүндөгү машинасын унаа оңдотуучу жайда токтоп турган жеринен кимдир-бирөө уурдап, айдап кеткени тууралуу милицияга кайрылган. Анын унаасын Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынан таап чыгышты. Унаа уурдаган адам Каракол шаарынын тургуну мурда да уурулук үчүн бир нече жолу соттолгон, 25 жаштагы Ж.А. экени дайын болду.
Aryba.kg