Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ажонун китебин “чампалаган” Абыкеевдин сабатсыздыгы

Ажонун китебин “чампалаган” Абыкеевдин сабатсыздыгы

09-март, 12:00
594 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мындай жоругу үчүн Чолпонбек Абыкеев президенттин кеңешчилик кызматынан кетип, жоопкерчилик маселеси каралышы керекпи? Аттуу-баштуу интеллигенция ачык айтпаганы менен ич ара күмпүңдөшүп, жакаларын кармап отурушат. Буктары толуп, жарыла алышпай...

Садыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” аттуу китеби чыккан. Алгач окуган журналисттер, филолог адистер баш чайкашып, ичиндеги толтура катага таңгалышкан эле. Ким жазып бергенине кызыгуулар жаралып, кыжырдануулар менен коштолгон болчу. Бул боюнча “Азия Ньюс” гезитине да көптөгөн кайрылуулар келген. Натыйжада, “президентти уят кылбайлы” таризинде китепти талдоого алган эмеспиз. Бирок, соңку күндөрү соцтармакта талкуу жаралып, жөнөкөй эле жарандар улам бир катасын таап чыгышып, сөздү ырбатып жиберишти. “Шибегени капка ката албайсың” деген ушул тура. “Жаңы Кыргызстанды куруунун багытын” ким жазганына кызыгып көрсөк, өздүк булагыбыз Чолпонбек Абыкеевди айтты. “Таппасаң сыйпалап кал!” дечү беле? Бул эргул түзүктөп сүйлөм түзө албайт да. Дагы идеолог имиш. Кыргыз эл жазуучусу. Кайсы эмгеги үчүн? Күйгүзөт да. Сүйлөсө асмандан кеп баштап, акылдуу көрүнүп, ороңдоп, айтор, итатайы тутулуп турат. Абыкеев ушунчалык сабатсыз экен, канча ирет Фейсбукка жазган посттору талкуу жаратты? Стилистикалык, орфографиялык, грамматикалык каталарын санап келип, кайра баштан окутууга туура келерин байкайсың. Мына ушундай деңгээли пас адам кантип президенттин китебин жазып жүрөт? Акыл-эстүү, нарк билген мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов ой-пикирин ортого салбайбы? Качанкыга чейин Садыр Жапаровду сабатсыз интригандар курчап алышып, тескери жолго түртө беришет? 

Ошентип, оңбогондой эле тескери иш орун алып, чалмакей чалыныптыр да. Чолпонбек Абыкеевдин мурдун балта кеспейби? Кылган кылыгы үчүн бети да күйбөйт го? Ичи толтура ката жазган китеби үчүн жооп береби? Садыр Жапаровду уят кылды. Бул боюнча жазасын алабы? Же “болор иш болду, боёсу канды” деп кебелбей жата береби? Эң олуттуусу, аталган китеп 41 миң нускада чыгып, элге тарап кетип атпайбы. Жаш муунга берген тарбиябыз ушулбу? Өтө өкүнүчтүү...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер