Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жылмая карап, жигитим башкага үйлөнгөнүн билбей калдым

Жылмая карап, жигитим башкага үйлөнгөнүн билбей калдым

26-октябрь, 17:57
1 846 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурдагы абалымды душманыма да каалабайм. Анда эмесе, кеп башынан болсун. Жигитим экөөбүз мектептен бери кыз-жигит элек. Сүйлөшкөнүбүзгө 8 жыл болгон. Быйыл күзүндө үйлөнөлү дегенбиз. Ата-энелерибиз таанышкан. Болочок кайын энем менен мамилебиз жакшы болчу. Ата-энеси экөөбүзгө деп батир алып берген. Ремонтун чогуу жасадык. «Оңдоп-түзөө иштери бүткүчө, досумдукунда жашап турайын» дегенинен макул болгом. Мындай болорун кайдан билдим?..

Тойго кеткен боюнча келген жок. Жаңы жылдан кийин ошол досунун тоюна бармак болду. Эмнегедир мени чакырбады. Жаман оюм жок, «жылуу кийинип ал, ооруп калба», - деп узаткам. Кеткен боюнча жок. Канча жолу телефон чалдым. Бир күнү байкеси байланышка чыкты.

-- Бизди кечирип кой, Улан (аты өзгөртүлдү) үйлөндү.

-- Байке, тамашалап жатасызбы?

-- Тамаша айткан жерим жок.

Трубканы коюп койду. Бул эмнеси? Кайра апасы чалды.

-- Кызым, кечирип кой, уулубуз үйлөндү. Билем, сенин алдыңда күнөөлүбүз. Тилибизди албай койду. Кечир бизди! Досунун карындашына үйлөнүптүр. Көрсө, Улан ошол досунун карындашын алыптыр. Ал кызды тааныйм, мени «эже» деп сыйлап турчу. 8 жыл бирге экенибизди, күзүндө баш кошорубуздан да кабары бар эле. Инстаграмга кучакташып түшкөн сүрөттөрүн жүктөшөт. Көргөн сайын ичим туталанат. Улан бир жолу чалып, эмне үчүн мындай кылганын айтып да койгон жок. Кайсы жерден, качан жаңылдым? Эмнеге мени мындай абалга калтырды? Суроолор көп, жооп жок. Мага жардам бергилечи!

Гүлпери

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер