Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россияда инфекция көп экенине карабай соода борболору иш баштады

Россияда инфекция көп экенине карабай соода борболору иш баштады

03-июнь, 14:22
420 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөдө вирус боюнча эң көп учур катталган Россияда инфекциялык чек жогору экенин адистер эскертишүүдө. Ал эми өлкө жетекчилиги эпидемия жогорку чектен өткөнүн айтып, ишканалардын ишин калыбына келтиришсе, Москвада соода борборлору кайрадан ачылды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Россияда эпидемиялык учурлар көбөйгөнүн билдирди. Өлкөнүн коронавирус инфекциясын көзөмөлдөөчү борбордун маалыматына караганда, Россияда Covid-19 жуккан учур 423 миң 74кө, көз жумгандардын саны 5 миң 37ге жетти.

Жарандардын күн сайын таңкы 05тен 09.00гө чейин сыртта спорт менен машыгуусуна уруксат берилди. Ошондой эле аптанын үч күнү саат 09.00дөн 21.00ге чейин эки чакырым сейилдей алышат.

Москвада карантиндеги бейтаптардын үйлөрүнөн чыгуусуна тыюу салуу үчүн киргизилген санариптик көзөмөл системасы да талкууга алынууда. Уюлдук телефондоруна жүктөлгөн тиркеме аркылуу көзөмөлдөө, тартип бузгандарга айып пулдун салынышын туура көрбөй, арыздангандар болуп жатат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер