Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кез-кезде күндөлүк түйшүктү унутуп, романтикалуу жагдайда чогуу болгула

Кез-кезде күндөлүк түйшүктү унутуп, романтикалуу жагдайда чогуу болгула

27-сентябрь, 12:17
2 373 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1. Ортодо сүйүү болсо далдалчысыз жашоо артык.

2. Үй-бүлөдө болуп жаткан майда-чүйдө жагымсыздыктарды, араздашууну айланадагыларга, алтургай курбу-доско да айта бербеңиздер. Ээнооздор бардык жерде сиздердин маселени талкуулай бергенине мүмкүнчүлүк бергенде байкалбаган менен терс таасири көп.

3. Ар бир үйдүн башкаларга ачык айтпаган ички мыйзамдары болот. Мындай учурду эске алганда, керек болсо ата-эненин, бир туугандардын кеңеши да туура эмес болуп калышы ыктымал. Андан көрө жубайлар өзүнчө бөлүнүп, абалды териштирип, бири ыкка көнүп, же унчукпай жагдайды ырбатпай коюуга болот.

4. Үй-бүлөлүк жыйында алдыда аткарыла турган иштер, жашоо графиги, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кызматы же тапшырмасы так көрсөтүлгөн учурда кыйын кырдаал аз болот.

5. Жубайлардын экөө тең кандай кырдаал жаралбасын же ким күнөөлүү болбосун компромисске барууга ыктаганы оң. Бул актуалдуу чечим.

6. Катаны, кемчиликти моюнга алууну үйрөнүү кажет. Урушта эки тарап тең күнөөлүү: бири туура эмес айтса, экинчиси туура эмес түшүндү дегендей…

7. Кез-кезде күндөлүк түйшүктү унутуп, романтикалуу жагдайда чогуу болгула.

8. Элдешүүгө болбой жатса, дароо ажырашуу чечимин кабыл албай, убактылуу бири-бирин көрбөй бөлөк жашоо, бири-биринен эс алуу дагы жаңы сезимдердин ойгонушуна түрткү болот.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер