Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россияда коронавируска чалдыккандар бир айда эки эсе көбөйдү

Россияда коронавируска чалдыккандар бир айда эки эсе көбөйдү

07-июль, 20:05
1 549 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Расмий маалыматка ылайык, Россияда соңку бир сутка ичинде 23 миң 378 адамдан коронавирус табылды. Бул соңку бир ай ичиндеги эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Июнь айынын башында Россияда коронавирусту жугузуп алгандардын саны бир күндө 9 миңдин тегерегинде болчу.

6-июлда Москвада COVID-19 илдетинен 737 бейтап көз жумду. Коронавирустун “дельта” түрү жайылып жатканына карабастан, орус бийлиги азырынча катаал карантин киргизилбей турганын билдирүүдө.

Россиянын саламаттык сактоо министрлиги туристтерге байланыштуу эрежелерди өзгөрттү. Ага ылайык, 7-июлдан тартып вакцина албаган же антителасы жок туристтер өлкөгө киргенден кийин үч күндүн ичинде тест тапшырып, анын жыйынтыгы чыккыча изоляцияда болушу керек.

Расмий маалыматка ылайык, пандемия башталгандан бери Россияда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 6 миллионго чукулдады. 137 миң жаран COVID-19дан көз жумду. Адистер өпкөнү сезгентүүчү бул илдетке чалдыккандар расмий айтылгандан да көп болушу мүмкүн экенин билдирип келишет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер