Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”

“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”

24-апрель, 12:24
26 520 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү дарыгер Калдарбек Абдраманов коронавируска байланыштуу акыркы ахыбал тууралуу жазып чыкты.

Азыр кырдаал оор бойдон калууда. Жакшы жылыш жоктой. Сырттан келгендерден, ичибизден инфекция чыгып жатат. Бул билген адамга күтүлгөн эле акыбал болду. Себеби, азыркы акыбал тийиштүү тармактардан, жетекчилерден баштап катардагы карапайым жарандарга чейинки, кендирди кескен кенебестиктин кесепети деп түшүнөм. Кыскасы, коронавирус дүйнөгө бат таралып, дүйнөдөгү чоң өлкөлөрдү чөгөлөтүп турганда, тийиштүү деңгээлде биз даярдык көрө албаганыбыздын жыйынтыгын, азыркы мамлекеттеги акыбал тастыктап көрсөтүп койду. Ооба, болору болду, өткөндү өгөйлөгөндөн не пайда? Эми азыр, жалпы журт акыбалды туура түшүнүп, өкмөт койгон талаптарды так аткарса, ал эми өкмөт, баардык жардамга муктаж адамдарына тамак-аштан ж.б. тийиштүү жардамдарды берип, түшүндүрүп, керек болсо карантин убагын дагы узартып, мүмкүн болушунча илдеттен тазалануу аракетин жасашыбыз керек. Азыр карантинге нааразылар чыгат. Алардын да аргументтерин угалы. Бирок, биз эки жамандан бирөөнү тандай турган мезгил келди. Же биз, карантинди дагы узартып, кыйналсак да дагы 20-30 күн чыдап, үйдө отурушубуз керек, же болбосо 30-апрелде карантинди токтотуп, көчөгө чыгып, бири-бирибизге ооруну кайра таратып, андан ары, он миңдеген, жүз миңдеген жарандарыбыздын өмүрүнө коркунуч алып келгенге макул болушубуз керек. Мен врач, илимпоз катары, акыбалга дыкат көз салган адам катары, карантинди дагы узартуу менен акырындап акыбалга жараша жеңилдетип, анан толук чыгуу жолун көздөйт элем. Биздеги жакшы жагдай, даярдык аз болсо да, Кыргызстанда коронавирустун таралуусу "жумшак" жолунда бараткандай. Кээ бир аймактарда аз санда, же таралган жок. Ошондуктан, азыр элдин бири-бири менен катташуусун толук токтотсок, инфекция да бат токтойт эле. Андай мүмкүнчүлүк биздин элде азыр бар. Биз ушул өзгөчөлүктөрдү, мүмкүнчүлүктөрдү этибарга албай жатабыз. Эми дагы эле кенебестик кылсак, анда инфекция катуу таралат, токтотуу өтө кыйын болуп калат. Зыян көп болот, көп адамдардын өмүрүнө коркунуч келет, инфекциянын токтоо мөөнөтү да созулат, белгизиз болуп узарат. Мен медиктерге түшүп калчу азыркыдан да катаал түйшүк, "медициналык коллапс" жөнүндө айтпай эле турайын. Медицинанын акыбалы мышык ыйлаар, эл ишенгидей талаптагыдай эмес. Азыр эле ооругандардын 25% медиктер болуп жатат. Акыбал татаалдашса, жокчулуктун кесепетинен бизге да иштөөгө өтө кыйын болуп калат. Кокус эле 50-60 оорулуу адам бир убакта татаал акыбалда түшүп калса ооруканаларга, анык медициналык коллапс болот. Врачтар, аппараттар жетишпей, кол куушуруп отуруп беребиз. Анын бетин ары кылсын, жараткан!” деп жазган дарыгер.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер