Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ал окуялар өтө ыплас, төбө чачты тик тургузган, айбан жасабай турган иштер чынында...”

“Ал окуялар өтө ыплас, төбө чачты тик тургузган, айбан жасабай турган иштер чынында...”

26-апрель, 19:30
752 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Соңку убакта УТРКнын айланасында чуулгандар күчөп баратат. Башкы директор Болотбек Тиллебаев өзгө-жатка бөлүп, чалмакейди чала береби? УТРК уңгулуу көрсөтүүлөрдү бере албай, пас деңгээлдеги уюшмалардын ордосуна айландыбы?” деген суроо салдым.

Эшенкул Барпиев, жарчы:

-- Туура, акыркы он күн ичинде ушундай резонанстуу жаңылык болуп кетти. “Улуттук 1-каналдын жетекчиси болуп келген Болотбек Тиллебаев жаш-курагы келип, ардагер болуп, бирок дагы деле иштеп аткан бир топ аксакалдарды кызматтарынан бошотуп, аларды расмий түрдө сый-урмат менен узатыптыр” дегендей укканбыз. Телевизордон берип атты, соцтармактардан көрүп аттык. Ал эми ичинде, тереңинде бул реформа канчалык жакшы эффект берерин билбейм. Албетте, жаш журналисттерден мыктылар чыкса, аларга аксакалдардан орун жетпей жатышы да мүмкүн. Аргумент көп да. Бирок, кандай болгон күндө да жүзгө бергис, миңге алмашкыс кыргыздын улуу инсандары, кыргыз телевидениесинин жүзү болуп калгандардын тегерегинде сөз болуп атат. Негизинен, адам баласы 60 жаштан ашкандан кийин коомго пайдасы жок болуп калабы? Мисалы, мен деле 60тан аштым. Азыр болуп турган эле учурубуз го. Акыл жетик, тажрыйба мол, бата бере турган маалыбыз. Жаштарга да туура жол көрсөтөбүз. Анткени турмуш өзү электен өткөздү да. Ушундан улам кыргыз телевидениесинде дасыккан журналисттер, редакторлор, мыкты көрсөтүүлөр, жалпы эл күтүп көргөн берүүлөр дал ошол жашы улгайган чыгармачыл адамдарга байланыштуу болуп атпайбы. Анан эле “жумуштан кет, үйүңө барып отур” десе, өмүр бою эл ичинде, чыгармачыл жамаат менен камыр-жумур аралашып жүргөн адамдар бат эле ооруга чалдыгып, чүнчүп кетет. Мындай учурда моралдык жагын да караш керек. Кыргызда “атаң алтымыштан ашканда алдап-соолап күчүн ал” дейт. Айтор, иштин майын чыгарып аткан улуу муундун адамдарын иштетип алганга не жетсин! 

Назира Аалы кызы, УТРКнын мурунку продюсери:

-- Азыркы директордун эмне иш алып барып жатканынан эч кабарым жок. Анткени мен өз каалоом боюнча арызымды жазып, 1-апрелден баштап иштен кеткем. Уюгушкан менин “чөө” замандаштарым, кара каштуу, кара чачтуу, бир эл, бир журттан чыккан кандаштарым каралап жазып жаткандай, мени эч ким “кет” деп кууп чыккан жок. Тескерисинче, Болот Тиллебаев аябай үмүт артып, “эмнеге кеткени жатасың? Чоң иштерди тапшырайын, потенциалың аябай күчтүү” деген сөздөрдү сүйлөдү. Аны чын дилинен айттыбы же узатардагы “дүжүр” сөздөрүбү, аны бир Кудай менен Тиллебаев өзү билбесе, мен билгеним жок. Бул менин жеке өзүмдүн чечимим болду. Эми ал чечимге эмне себеп болгонун мен кененирээк эмкиде айтып бергенге белсенейин. Анткени окуялар өтө узун. Ал жерде “экшн”, “триллер”, айтор, бардык жанр камтылган. Каармандары дагы Кудайга шүгүр... 

Сиздер мага берген суроону, менимче, маалымат саясатын жетектеп отурган балдарга берсеңер туура болот го. “Желп” эткен желдин башында кимдер турарын сиздер мен айтпасам дагы жакшы билесиздер. Узаткыла суроону ошолорго! Эмнеге “реформа” чөп башылап жүрүп атат? КТРКда “реформа” жүргүзүү боюнча президенттин жеке көзөмөлүндө чылкый “билерман” менен “даанышмандардан” түзүлгөн комиссия эмнеге президенттин указы менен түзүлгөн “Маданият, тарых, тил” каналын структурадан алып ыргытып, чилдей таратып, студиянын деңгээлине түшүрдү? Указ менен ачылган канал указ менен жабылышы керек эле, бирок андай болгон жок. Бул жерде бир жылдан бери жылжыган, ириген иштер жүрдү. Ошол тескери иштердин тегирменинин парасын тынымсыз ким айлантканын интервьюда айтып беремби, же чыдап мемуарларда жазамбы, азыр ойлонуп турган убагым. Ал окуялар өтө ыплас, төбө чачты тик тургузган, адам эмес айбан жасабай турган иштер чынында. Ушул ишти кылгандар өздөн эмес өңгөдөн болсо, Каныкей апам айткандай, “чийбейт белем сызыкты, көрсөтпөйм белем кызыкты” дегендей, соттошуп коюп, эрмектешип жата бермекмин. Бирок эң өкүнүчтүүсү, алар өзүбүздүн эле канында Манастын молекуласы ойноп турган кыргызым болуп жатпайбы! Жеке принцибимде, мен үчүн ар бир кыргыздын башы баалуу. Биз өтө аз элбиз, бизге бирибиздин этибизди бирибиз жегенге болбойт! Ушул принцип көп нерседен токтотот. Бирок, жогоруда айтканымдай, уюшкан чөөлөргө чара көрбөсө, коомубузду кооптуу абалга алып келчүдөй. Бийлик башында турган билермандар жаратуучу менен таратуучуну айырмалап алышса аябай жакшы болот эле. Жашоо жалаң Тик-Ток, Инстаграм, Фейсбуктан турбайт. Интернет – бул таратуучу, ТВ – жаратуучу. Биздин жасалма эмес, чыныгы күнүмдүк жашообузду “лайк” менен “поделиться” чечпейт!

Төлөгөн Молдобаев, Манастаануу сабагынын мугалими:

-- Илгери, КТРди баштан-аяк көрчү элем, акыркы жылдары болгону бирин-серин берүүлөрүн гана көрүп калдым. Анын ичинен Түгөлбай Казаковдун “Улутман” деген берүүсүн айтсам болот. Бул берүүнү көпчүлүк көрөт. Менимче, бул улуттук каналдагы кадрдык саясат эмес. Азыр баардык жерлерде “пенсионерлер кетсин” деп атышат. Бир эле Казаковду эмес, бир топторун кетирип атат деп уккам. А чын-чынында “кете турган кишинин ордуна татыктуу адам барбы, ал жок болуп калса өксүк болуп калбайбы?” деп ойлонбой калышты. Болот Тиллебаевдин жүргүзгөн саясатын туура эмес эле көрүп атам. Керек болсо Түкөмдөй адамдар өмүрү өткөнчө иштеши керек. Себеби, оозунда алтындай сөзү, калың катмар көрүүчүлөрү бар. Мындай адамдар улуттук каналдын жүзү да. Мамлекеттин идеологиясын жүргүзүп жаткан Сүйүнбек Касмамбетов бул боюнча тыянак чыгараттыр. Түшүнөм, мамлекеттик кызматтагы адамдар жашы 65ке келгенде пенсияга чыгышы керек. Ал боюнча өзүнүн жол-жобосу бар. Ал эми искусство тармагындагы адамдардын жашына чектөө киргизүүнүн кажети жок. Тилегим, оюм, максатым ушул – бир Казаковду кетирип ийип, анын ордуна паам-парасаты бийик, көмөкөйдө күмүш сөздөрү бар адам табылабы же табылбайбы?.. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер