Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Күйөөмдү сагынып, күндө ыйлай берем
Күйөөмдү сагынып, күндө ыйлай берем
21-апрель, 21:28
885 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Турмушка чыкканыма 1,5 жыл болду. Күйөөм Россияга кеткенине жакында үч жума болот. Мен болсо аны сагынып куса болуп, күндө кечинде ыйлайм. Ыйлабайын десем да болбой өзүмдү кармай албай, өтө катуу куса болуп жатам. Балким боюмда болгон үчүн ошондой сезимдер болобу? Үч айлык кош бойлуумун. Күндүзү билинбейт, кечинде күйөөм иштен келер убагында жол карап эле ыйлай берем жаш баладай. Аябай жүрөгүм сыгылып кыйналып жүрөм.
Дилбара