Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Раззаковдун ооматы жана трагедиясы

Исхак Раззаковдун ооматы жана трагедиясы

06-сентябрь, 20:13
844 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыркы учурда Кыргызстанда Исхак Раззаковдой зоболосу көтөрүлгөн, андай кадыр-баркка ээ болгон бир да тарыхый инсан жок. Университетке аты берилген, бирок, убагында окуу жайларга кимдердин гана аты коюлган жок. Сокенин учурунда баласы чоң кызматта турган экен, катардагы советтик-партиялык кызматкерлердин бири Батыралы Сыдыковдун аты да университетке коюлду. Бийликте турганда каалаганын жасап, жеке кызыкчылыгын көздөөнүн кашкайган үлгүсү ушул эмеспи, болбосо, Батыралы Сыдыков ким да, Исхак Раззаков ким? Ушундай түркөйлүктүн, маңкуртташуунун кесепетинен кыргыздын улуттук сыймыгы болгон Чынгыз Айтматовдун ысымы Ош мамлекеттик университетине берилбей келатат. Бака жеп көлгө кирген, жылан жеп ийинге кирген коррупционерлердин заманында элдин көчүгүн оюп жеген ары жок бийлерге окшогон эт баш Шералылар такта отурса, балтыр бит башка чыгат турбайбы. Ошентсе да чындык, адилеттүүлүк баары бир жеңет экен, кеч болсо да Исхак Раззаковдун ысымы Исфана шаарына берилди. Атаганат, байыртан кыргызды эл катары сактаган, мамлекетин курууга башын сайып койгон Барсбек, Тагай бий баштаган улуу инсандар өткөн. Кечээ, ХХ кылымдын 20-жылдары Кеңеш өкмөтүн курууда топтон суурулуп чыгып, каруусун казык кылып, Кыргыз автономиялуу облусун, андан кийин республикасынын пайдубалын түптөп, мамлекет курууга белсенип киришкен алгачкы муундагы коммунист-лидерлердин көбү ак жеринен айыпталып репрессиянын курмандыктары болушпады беле. Ошол улуу инсандардын мамлекеттик ишмердүүлүгү – патриоттуулуктун, мекенчилдиктин чыныгы символдору. Бирок ошолордун бирине да азыр И.Раззаковго көрсөтүлгөндөй сый-урмат көрсөтүлгөн эмес. Аскар Акаевдин тушунда И.Айдарбеков, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, А.Сыдыков, Т.Айтматов, Э.Эсенаманов, Б.Исакеевдердин юбилейлик даталары болду, бирок, ал кездеги өлкө башчысы Аскар Акаев кооз сүйлөп, элге жомок айтып жүрүп, алардын өрнөктүү өмүрүн, ишмердүүлүгүн даңазалап, улутка кызмат кылуунун бийик үлгүсү, асыл наркы катары көрсөтүп, өлкөнү өргө багыттаган, мамлекеттүүлүктү бекемдеген идеологияга айландыра алган жок. Алгачкы муундагы өлкө жетекчилерин улут лидери катары баалап, сый-урмат (А.Акаевдин Кыргызстандын тарыхына байланыштуу дилетанттык деңгээлдеги китептерин эске албаганда) көрсөткөнгө А.Акаев жараган жок. Себеби ал Батыштын буюртмасын аткарып, коммунисттик системаны демонтаж кылып, “демократиялык коом курам” деп, же анысын ишке ашыра албай, өлкөнү бөөдө ара жолдо калтырды. Ал бардык нерсени саясый оюнга, утурумдук кызыкчылыктарга айландырып, чайкоочулук саясаттын ракурсунан карап, учурунда шайлоодо добуш алыш үчүн керек болгон экен, И.Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келди. 

Көрүнүктүү инсандардын өмүр баяндары жазылып, китеп болуп чыгып жатат. Коммунисттердин заманында социалдык теги “кедей-дыйкан” катмары жогору бааланса, азыр андай кара таман болгондон арданып, баары эле “датка, бай, бий, болуштун тукумунан” деген модага айланды, карап көрсөк, теги карапайым адам кыргызда жок экен. Ал эми мурдагы чоң уурулар азыр уруулардын сыймыгына айланып, ишмердүүлүгү күмөндүү Аалыбекке окшогондорду идеал кылууга аракет кылып, андайларга эстелик койгондор да бар. Кийинкилерден кызматы көтөрүлгөндөрдүн жети атасынан бери эч нерсе көрбөгөн куу этек болсо да “атасынын казаны майлуу болчу” деп экс-коррупционерлер кошомат кылып мактап калышат, себеби, ошентип жүгүнүп, жагынып протекция менен сүйрөп келаткан баласынын кызматын чоңойтот, антпесе коррупционерлердин династиясы уланбай калбайбы... 

 Бирок Исхак Раззаковдун ата-тегин азырынча бурмалаган эч ким боло элек. Улуу инсандын өмүр жолу, ишмердүүлүгү тууралуу негизинен мазмуну окшош, бири-бирин кайталаган, эпигончулук менен токулган, бир жактуу мактаган китептер, жүзгө жакын макалалар жазылды. Бардыгында “кыргыз тилин орус мектептерине киргизген” чечими эрдик катары айтылат да, бирок, ошол чечимди “бул жаңылыш чечим болгон” деп И.Раззаков өзү кайра жокко чыгарганы эч кимди кызыктырбайт, көмүскөдө калтырышат, тактап да коюшпайт. Улуу инсанды көкөлөтө мактап С.Жусуев “Раззаковдун тагдыры” деген 30 басма табактан турган ыр менен роман жазды. А.Пушкиндин атактуу “Евгений Онегин” романы болгону 13 эле басма табак. С.Жусуевдин желдирме тирадалардан турган көлөмдүү романы И.Раззаковдун өмүр жолунун хроникасындай эле кабыл алынат. Чыгармада улуу инсандын образы ачылбай калган, каармандын жандүйнөсү, ой-санаасы психологиялык жактан иликтенген эмес, мүнөздөрдүн, көз караштардын кагылышуусуна алып келген конфликт жок, ортозаар роман. Лириканын чебери эч качан эпикалык чыгарма жазалбай турганын С.Жусуев ушул чыгармасы менен кашкайта далилдеди. И.Раззаков тууралуу тартылган документалдуу фильм да оңунан чыкпай калган. Кыскасы, И.Раззаковдун жандуу образын түзгөн, ички дүйнөсүн терең изилдеп, трагедиясын тоталитардык системанын контексинде ачып берген документалдуу баян, же көркөм чыгарма азырынча жарала элек. “Азаттыкка” берген маегинде “ЖЗЛ” боюнча адистеше баштаган Осмонакун Ибраимов Раззаков жөнүндө китеп жазам деген ниетин билдириптир, жазса аны да көрө жатарбыз...

Белгилүү саясат таануучу Жолборс Жоробековдун “Исхак Раззаков улуттун улуу инсаны” (2021) аттуу өткөн жылы жарык көргөн эмгеги ушул кенемтени кайсы бир деңгээлде толуктап турат. Биз жогоруда белгилегендей улуу инсандын өмүр жолун кургак баяндаган компиляциялык жол менен токулган китептер, макалалар көп, ал эми саясат таануучунун бул китеби алардан кескин айырмаланган эмгек. Анткени автор Исхак Раззаковдун өмүр-тагдырын, ишмердүүлүгүн изилдөөдө анын буга чейин коомчулукка белгисиз болгон жактарына кайрылган. Бул эмгегин жазуу учурунда автор көптөгөн кишилер менен маектешкен, улуу инсандын замандаштары, жакын санаалаштары менен өзү күмөнсүү менен караган факты материалдарды талкуулап, чындыкты, адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө аракет кылган. Китеп жандуу публицистикалык стилде жазылган, бир дем менен окулат.

Жетим жүрүп жетилип, Москвадан окуп, тоталитаризм күчөп турган мезгилде Өзбекстанда жетекчи катары калыптанып, бийликтин эң бийик тепкичтерине чейин көтөрүлүп, агартуу министри, андан кийин Өзбекстан компартиясынын борбордук комитетинин катчылыгына чейин жетип, анан Кыргызстанга келип, адегенде өкмөт башчысы, андан кийин өлкө башчысы болуп дайындалган. Согуштан кийинки өлкөнү калыбына келтирүү, андан кийин өнүгүү жолуна түшүү мезгили сыяктуу тагдыр чечүүчү этаптык учурлар Исхак Раззаковдун мамлекетти башкаруу мезгилине туш келген. И.Раззаков өлкөнү башкарган он беш жыл мамлекеттин тарыхы, бийликтин эки тизгин, бир чылбырын бекем кармап турган Кыргызстан коммунисттик партиясынын тарыхы менен бирдикте каралышы абзел. Себеби, өлкөнүн ошол он беш жылдык тарыхын Исхак Раззаков “жазган”. Ал мезгил Ч.Айтматов “Гүлсаратта” көркөм чагылдыргандай оор учур болгон. Ошондой кыйын жагдайда өлкөнүн айыл чарбасын, өнөр жайын, экономикасын, маданиятын, илим, билим берүү тармагын көтөрүүгө жетекчи катары Исхак Раззаков бардык күч-аракетин жумшап, күндүр-түндүр жаны тынбай иштеген. Жолборс Жоробеков эмгегинде кургак цифраларга таянбай, улуттук лидерди инсан катары ачып берүүгө умтулуп, китептин алтынчы бөлүгүн “Исхак Раззаковдун илим-билимге, кадрларга мамилеси жана өзүнүн жеке адамдык, профессионалдык, интеллектуалдык сапаттары” деп атап, өлкөнүн келечеги болгон жаш адистерге кандай кам көргөнүн ишенимдүү фактылар менен далилдеп берген. Искак Раззаков өлкөнүн тагдырын, масштабдуу маселелерин эле эмес, ар бир инсан, ар бир кадрды ойлоп, кам көргөн. 90-жылдары илимдер академиясында жаш окумуштуулар менен жолугушууда академик Азиз Салиев “Согуштан кийинки кыйын учур, аскердик шинел үстүмдөн түшө элек кез, Москвада аспирантурада окуп жүргөм, бир күнү эле Исхак Раззакович өзү издеп келиптир. Таанышып, ал-жай сурашкандан кийин “бизде сиздей кадрлар жетишпей жатат, илимиңизди эрте бүтүп, кайтып келиңиз” деди. Анын ошол сөзү дем берип, канат байлагандай эле болдум” деп айтканы мунун далили. Жолборс Жоробеков улуу инсандын өлкөнүн келечеги үчүн чоң мааниге ээ болгон кадр маселесине өкмөттүк деңгээлде кам көргөнүн, жаш кадрларга өз балдарына карагандай эле аталык камкордугун конкреттүү мисалдар менен далилдеп, кеңири талдап ачып берген. 

 ХХ кылымдын элүүнчү жылдары Кыргызстан экономикалык жактан ирденип, маданият, билим берүү, илим тармагында жаңы доордун башталышы болгон. Бул 1945-жылдын октябрь айынан баштап, өкмөт башчысы кызматына киришип, андан кийин өлкө башчысы катары Исхак Раззаковдун саргара жорткон кызылдай мээнетинин үзүрү катары карасак болот. Албетте, чарба, өндүрүштө иш бир кылка кетпейт, кемчиликтер болот. Эл чарбасындагы ошондой аксаган иштери үчүн 1949-жылы Кыргызстан КП БК тарабынан министрлер советинин төрагасы И.Раззаковго сөгүш берилген. Ага карабастан 1950-жылы ал Кыргызстан компартиясынын 1-катчысы болуп дайындалат. Себеби, иште кемчиликтер болгону менен өлкө өнүгүүгө багыт алып, жакшы көрсөткүчтөр, жетишкендиктер болгон. Министрлер советинин төрагасы катары Исхак Раззаков өзүн көрсөткөн үчүн ага ушундай чоң ишеним артылган. Завод-фабрикалар ишке киргизилип, тоолуу аймак агрардык өлкөдөн агрардык-индустриалдык мамлекетке айланган. Ал эми 1959-жылы КПСС БКнын пленумунда Латвия, Өзбекстан менен катар Кыргызстан да мамлекеттик пландын аткарылбагандыгы үчүн катуу сынга кабылат. Анткени Кыргыз ССРи айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча алган милдеттенмелерин аткарган эмес.

Ушул эки жагдай И.Раззаковдун тагдырында чечүүчү ролду ойноп жатат. Биринчисинде, сөгүш берилгенине карабастан өлкө башчысы болуп дайындалган, экинчисинен кийин кызматтан алынган. Айрым кемчиликтерине карабастан, өлкө өргө карай кетип жатса, айыл чарбасында, өндүрүштө, экономикада арымдуу жылыштар болуп жаткан кезде Исхак Раззаковдун кызматтан алынышы күтүүсүз болгон. Москванын ошол табышмактуу чечими кандай кабыл алынган, ага эмнелер себеп болгон? Ушул суроого автор китебинде жооп издеп табууга аракет кылган. Партиялык бийликтин бардык баскычтарын басып өтүп, жетекчи катары калыптанып, партияга берилип жан-дили менен кызмат кылган И.Раззаковду партия иштен алып, кароосуз калтырды. И.Раззаковдун ушул трагедиялуу тагдыры Танабайдын образына окшошуп кетет. Коммунист Танабай Бакасов да партияга кызмат кылып, анын ак жүрөк жоокери болуп жүрүп, партиялык бюрократиянын курмандыгы болот эмеспи. Исхак Раззаковдун ушул кейиштүү тагдыры, балким, Ч.Айтматовго коммунист Танабайдын трагедиялуу образынын жаралышына негиз болуп берсе керек...

Эмнеси болсо дагы И.Раззаковдун трагедиялуу тагдырындагы ушул урунттуу учурду Жолборс Жоробеков логикалык, психологиялык талдоолордун негизинде кургак фактылардын артындагы катылган сырларды өз алдынча чечмелөөгө умтулган, көп күбөлөр, информаторлор менен сүйлөшүп, чындыкты калыбына келтирүүгө аракет кылган. Китептин квинтэссенциясын да инсан катары, жетекчи катары элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон И.Раззаковдун ореолу жана аны күтүүсүз кызматтан алуу чечими түзөт. Автор бул эмгеги менен И.Раззаковдун өмүр баянын, ишмердүүлүгүн изилдөөнүн жаңы барагын ачты десек болот. 


Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер