Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » О.Айтымбетовдун “Кара Кыргызы” же азыркы Б.Турал, Б.Асынбаев сыяктуу чала тарыхчылар боюнча...

О.Айтымбетовдун “Кара Кыргызы” же азыркы Б.Турал, Б.Асынбаев сыяктуу чала тарыхчылар боюнча...

11-январь, 19:30
1 342 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2015-жылы жаштар студиясында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Баяс Турал “диний ишеним жагыбызды арабдар, окуу-тарбия жагын Америка бийлеп алды” деп өлкөдө болуп жаткан терс иштердин бетин ачып сүйлөгөн эле. Андан бери жети жыл өттү. Бирок айткандарынын аягына чыкпай, тыянагы жок бойдон калды. 

Бүгүнкү күндө кыргыз жеринде эмне көп? Мечит көп. Анан, сабатсыз чала молдолор биринен бири көчүргөн, окуган адамга таасири жок китептер арбын. Ошол чала молдолор “өлгөн адамдын денеси муздай электе көмүш керек” деп үгүт жүргүзүп, натыйжада, түнү менен көр казгандар пайда болду. Сөзүм кургак болбосун үчүн Ысык-Көл районундагы Сары-Камышта жаан-жакшылыкта эки жолу түнү менен көр казгандар болду. Кан токтору менен дене муздайт да, эгерде молдолордун айтканын ээрчий берсек, анда адамдарды тирүүлөй көмүүгө туура келет. 

“Каза болгон адамды жоктоп ыйлабагыла, эркектер өкүрүп келбегиле, мунун баары күнөө болот” деп ата-бабанын каада-салтын четке каккандар өкүрүп жоктоп келгенди токтотуп, жөн эле басып келип туруп калышууда. Чала молдонун айткан-дегенин ылгабай ээрчип алган айрым балдар атасынын өлгөнү менен иши жок кайдыгер турушат. Муну менен алар эмнени далилдегиси келишет? Мусулманбыз дешкениби же атасын күнөөдөн арылтып жатабыз дешкениби?

Бирдеме болсо эле “пайгамбарыбыз айткан” деп чыгышат азыркы молдолор. Ал эми кыргыздын улуттук каада-салтынын, тарбиясынын, үй-бүлөгө болгон мамилесинин калыптанганына ары дегенде биздин заманга чейин 15-20 миң жыл мурун орун алган (О.А). Буга далил, 1930-жылдары Европада болгон илимий конференцияда шумердин макал-лакаптарын изилдеген окумуштуу (“Ала-Тоо” журналы, №8, Жакыпбек Төрөбековдун публицистикасынан) “шумердин макал-лакаптарынын 70-80%ы кыргыздыкы экен, бирок бир дагы кыргыз “шумермин” деп айтпайт” (!) деп таңгалыптыр.

Орозбек Айтымбетовдун илимий-популярдуу “Кара Кыргыз” тарыхында шумердин же байыркы кыргыздардын Эки-Дарыя аралыгына көчүп барып жайланышканы биздин заманга чейинки 4 миң жыл мурун болгон деп далилдеген. А Мухаммед пайгамбардын чыкканына 1,5 миң эле жыл болбодубу. Демек, биздин ата-бабабыздан калган каада-салтыбыз, тарбиябыз, үй-бүлө күтүүбүз, турмуш-тиричилигибиз баа жеткис адамгерчиликтин үлгүсү болуп саналат (башка элдер үчүн эталон). Алып айтсак, каза болгон адамды ага-тууганы, таяке-жээни, кайын журту, жалпы эле айылдаштары, бир уруудан тараган алыскы-жакынкы туугандары маркумду акыркы сапарга чоң урмат-сый менен узатат. Аялдар кошок кошуп, көзү өткөн адамдын элге-жерге кылган иштерин даңазалап, келгендерге кеңири маалымат беришет. Даярданбай туруп эки сөздүн башын кошуп айта албаган арабдар жана башка улуттар биздин баалуу жактарыбызды жокко чыгаргылары келишет. Алтургай мурут коюну да арамга чыгарышты. “Каза болгон маркумдун кара ашына мал сойбогула” дейт. Сөөктү коюп келгенден кийин (кыргыздар “өлүк” дебей, “сөөк” дешет) 300-400 адам маркумдун кара ашынан кийин куран окуп, баары тең каза болгон адамдын “артында калган бала-бакырасы, ага-тууганы аман болсун, артына Алла Таала жакшылык берсин” деп чын ниеттен тилеп, бата кылышат. Көпчүлүктүн тилегин Жараткан кабыл кылат, кеп мына ушунда! Кара ашка мал союудан мал түгөнүп калса, кыргыздар эчак эле итке минип калбайт беле?! Анан да бата өтө ыйык болуп саналат. 

Ысырапкорчулукту бетке кармагандар элибиздин адамгерчиликти урматтаган каада-салтына доо кетирип, бүгүнкү күндө элдин биримдиги тайып, ынтымак ыдырап, бир тууганчылык жоюлуп баратат. Ошондуктан, өз элин урматтабаган чала молдолорду ээрчибей, мусулманбыз дегенде беш убак намаз окуп, отуз күн орозосун кармап, калган убакта кыргызча эле жүргөндөрү туура болмок. Эгерде ушу бойдон жүрүп отурсак, бара-бара маркумду акыркы сапарга үй-бүлөсү менен балдары гана узатып калышат. 

Ашынган мусулман болумуштар бүгүнкү күндө наристе кыздарын (мектепке бараткан 1-2-класстын окуучуларын) бети-башын жоолук менен бекем ороп таңып койгондорун көргөндө, наристе кыздарды аяп, ушинткен ата-энесине наалат айткың келет. Анткени кыргыздар жаш кыздарга тебетей кийгизген (жоолук салган эмес, жоолукчан болуу келин экенин билдирген), күнгө күйүп, кулактары кара болгон. Мына ушундан эле кимдин ким экенин билип коюшкан.

Гендер саясаты менен аялдардын жүрүм-турумун, күйөөсүнө болгон мамилесин да бузуп, тескери жолго салышты. Кыргызда илгертеден эле аялдар эркектер менен тең укукта болгон. Бир эле мисал, үйгө аттуу-баштуу коноктор келгенде зайыптар үйдө чогуу болуп, мейманды сый тамак менен узаткан.

“Тарбиябызды америкалыктар бийлеп алды” дегенде “алпечтеп баккан ата-энеңди, билим берген мугалимди укугуңду коргоп сотко бергин” дегенди мектеп турмушуна киргизип, балдардын тарбиясына балта чабышты. Бүгүн ата-энесин сотко берген бала эртең ким болот? Ал башкесер да, башка ким болмок эле?! Окутуучуну сотко берген балага кантип билим жуксун? Ошондуктан жогорку окуу жайында окугандар элдин пикирин билүү үчүн журналисттин “Чыңгыз Айтматов деген ким?” деген суроосуна жооп бере албай күлкү болуп жатышпайбы. 

Илгерки кыргыздар баласын молдого бергенде “эти сиздики, сөөгү меники” деп берчү тура. Муну чечмелегенде, эгерде тилиңизди албай каяша айтса, каалагандай жазалаңыз. Сөөгү меники дегени – башы-көзү бүтүн, колу-буту сынбаса болду дегени. Андыктан балдар жаңы келген келиндей ызааттуу болушкан. Мындан кыргыздар жаман болгон жок. Англичанин Поинтон (Касымалы Баялиновдун “Поинтонго менин сунушум”) “кыргыздарды сабаттуу кылуу үчүн жүз жыл керек” деди эле, 20-30 жылда Иса Ахунбаев өңдүү академиктер өсүп чыкты. Демек, ата-бабабыздын “Улууга урмат, кичүүгө ызаат. Аганы көрүп ини, эжени көрүп сиңди өсөт” деген тарбиясы адамгерчиликтин эң жогорку үлгүсү экендигин турмуш өзү далилдеген. “Баланы жашынан, аялды башынан” деген насаат сөздү да илгеркилер бекеринен айтпаган.

Америкалыктардын “ата-энеңди, окуткан мугалимди сотко бер” деген жексур сөздү алып таштап, “бала ата-эне менен мугалимди Кудайындай көрсүн. Ата-эне менен мугалимдин айтканын, берген тапшырмасын кыңк этпей аткарсын” дегенди ишке киргизүү керек. 1950-60-жылдары мугалим көчөдө келатса, “көрүп калса уят” деп бурулуп кетчү элек. Чоочун киши бирдемеге жумшаса “мен барам, мен барам” деп бири-бирибизден талашып чуркаар элек. Бүгүнкү балдар чоочун кишини кой, өз ата-энесинин тилин албайт. Исмаков Кубанычбек деген киши айтат “азыркы балдар абдан агрессивный, бирдеме айтсаң же сурасаң жооп бербей ачууланып турушат” деп. 

Ооба, балдар агрессивный болбогондо кантет? Телевизордон күнү-түнү “Дисней клубдун” үч мышыгы, анан кулап аткан имарат, жыгылып күйүп аткан автомобиль жана башка ушуга окшогон ызы-чуулар. Анысы аз келгенсип, мышык-чычканы кишиче сүйлөп атат. Мунун баары баланын аң-сезимине жана жандүйнөсүнө оор залакасын тийгизет. Билбейм, УТРКнын директору Иманалиев Кайраттын бала-бакырасы жок немеби? Эмнеге балдарга нукура тарбия бере турган программаны иштеп чыгышпайт?! Балдар үчүн күнүгө 2 же 3 саат гана берүү жетишет. Калган убактысында көркөм адабий китеп окушсун, кыймылдуу оюндарды ойношсун. Бул боюнча көп эле сунуштарды жазсак болот эле. Эгер балдардын келечегин ойлогон жетекчилер болсо, бир жыйынтык чыгарат го дейм. Чыгарбаса Американын жолу менен кете берет да. Бүгүнкү күндө жаман-жакшыдан тыянак чыгарбай калышпадыбы жетекчи болумуштар. 

“Окуучу мугалимге акаарат келтирсе, ата-энелерине айып пул салынат” дейт парламенттин депутаты Мирлан Самыйкожо. Ата-энеге айып пул салган менен Американын “ата-энеңди сотко бер” дегенинин эмне айырмасы бар? Менимче, жок. Кеп, окуучуну мугалимге акаарат келтирбегендей кылып тарбиялоодо. Андыктан, ата-эне өздөрү мугалимдин кадыр-баркына шек келтирбеши керек. “Мугалимди ыйык адам катары баалап, айтканын, берген тапшырмасын так аткарсаң, сен билимдүү болосуң” деп баланы жашынан, башкача айтканда, мектеп босогосун аттагандан баштап кулагына кумдай куюп тарбиялап, окутуучусун сыйлап-кадырлаганга калыптандырыш керек.

Өз кезегинде мугалим дагы мектептен ата-энени сыйлоону, аны жаман жүрүш-туруш менен элге уят кылбоосун айтып, дайыма талап кылып турушу керек. Мына ушинтип баланы тарбиялоо эки жактан тең бирдей болсо, бала туура жолдон чыкпайт. Айып пул салуу ата-эненин кадыр-баркын кетирип, бала болсо “ата-энем жооп берет” деп акаарат келтирет, тескери кылык-жоругун уланта берет. Дегинкиси, баланын тарбиясы жөнүндө жалпы коомчулук ойлоно турган мезгил келди. Антпесек, бала ата-эненин кубанычы, коомдун келечеги болбой эле, өтө орой айтканда, чекеге чыккан чыйкан боло турган болуп баратат. Агрессивдүү баладан эмне жакшылык күтүүгө болот?!

Урматтуу Баяс Турал тарыхчы (“Азия Ньюс”, 15-декабрь 2022-жыл) “Негизинен Валихановдун ж.б. орус тарыхчыларынын жазганы боюнча изилдесек, анын Кыргызбай деген кыргыз атадан тараганы маалым” депсиз. Ыя кокуй, башка го башка, мен сизден муну күткөн жок элем!

Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылынан чыккан Орозбек Айтымбетовдун (мен анын айылдаш иниси болом) 5 томдон турган “Кара Кыргыз” тарыхын окуган жок белеңиз? Анда биздин заманга чейинки 8 миң жыл мурун Угус бий менен Угус хан аталарыбыз кыргыздын өз-өзүнчө жүргөн 40 уруусунун башын бириктирип, саясый-согуштук тартипте ала-тоолук жагын Оң канатка, Алтай жагындагыларды Сол канатка, экөөнүн ортосундагыларды Ичкилик деп атап, ушундан кийин кыргыз мамлекети түзүлүп, бириндеп жүргөндө кытай баскынчылары каалагандай чаап алып, талап-тоноп кетүүлөрүнө сокку урулганын тарыхый фактылар менен жазып кетпеди беле?! Кыргыз элинин кыргыз деп аталышы Кырк уруулуу Угус деген сөздөн келип чыкканын да аттын кашкасындай далилдеген. Чындыгы эле ушундай, Кырк уруулуу Угус деп айтсак эле Кыргыз деген келип чыгат. 

“Кара Кыргыз” 2007-жылы 5 том болуп жарыкка чыккан. Бирок ошол күндөн ушул күнгө чейин кыргыздын илимий даражасы бар тарыхчылары, алар болбосо аттуу-баштуу акын-жазуучулар менен журналисттердин эч кимиси бул баа-баркы эч теңдешсиз байыркы кыргыздын тарыхы жөнүндө элге-журтка кеп кылып айтып чыккан жок. Ушундан улам, илим-билимдүү бир нече адамдардан “Кара Кыргызды” окудуңбу?” деп сурасам, “окудум, бирок эч нерсе түшүнгөн жокмун” деген жоопторун угуп, “эмнеге түшүнбөйсүң? Кыргызча эле жазылып турбайбы?” деп таңгалып жүрдүм. Алтургай политехникалык институтту бүтүргөн жогорку билимдүү инженер адам “О.Айтымбетовдун “Кара Кыргызынан” көрө Бартольдду окусаң бир нерсе түшүнөт экенсиң” деп айтканын укканда, башыма салмактуу бир нерсе тийгендей сендиректей түштүм. “Оо кудурет, өз тилибизди өзүбүз түшүнбөй калгандан кийин деги биз ким болуп баратабыз?!” деп. 

О.Айтымбетов “Кара Кыргызды” темаларга бөлбөй жалпы жазып салган. “Аа, ушундан улам түшүнбөй жатышкан турбайбы деп, мен жалпыга түшүнүктүү болсун үчүн Гунн, Скиф, Шумер, Индеецтер, Арий, Адил баатыр Атилла деп темаларга бөлүп, кол жазманы ошол кездеги президентке караштуу кыргыз тил комиссиясынын төрагасы, ыраматылык Эгемберди Эрматовго алып барсам, ал орун басарлары болуп окуп чыгып, жактырышып, “Кара Кыргыздын кайра жаралышы” деген ат менен 2017-жылы “Салам” басмаканасынан миң китеп чыгарып беришти. Автор катары мага жүз китеп берип, “калганын тийешелүү жерлерге, китепканаларга таратып беребиз” дешкен. Бирок 900 китепке эч ким ой-пикирин жазмак турсун, ооз ачкан киши болгон жок! Оо кудурет, Кумтөрдөгү цианид уусу абаны, сууну, жаратылышты гана уулантпастан, кыргыздын акыл-эсин да уулантып салганбы (?) деп коркуп да кеттим! Белсенип кайрадан ишке киришип, “Евроазияны дүңгүрөткөн байыркы кыргыз тарыхы” деп атап, “Турар” басмаканасынан акча каражаттын тартыштыгынан 150 китеп чыгарып, белгилүү адамдардан президентибиз Садыр Жапаровго кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев аркылуу бир китеп Чолпонбекке кирди. Абдылдажан Акматалиевге бирди, улуттук университеттин мурдагы ректору Канат Садыковго да тапшырдым, “Гунн жана Скифтер жөнүндө окуйт элем деп айтты” дегенинен “Эркин-Тоонун” кабарчысы Максүтова Сымбаттан Меңди Мамазаировага бир китеп бердим. Бирок эч ким байыркы кыргыз аталарыбыз Чыгышта кытайларга “Улуу Кытай Дубалын” салдырып, шумерлер астрономия, медицина, математика, табигый билимдерге негиз салып, скиф аталарыбыз “айбанаттар стили жана скиф триадасы” аркылуу Европа элине искусство менен маданиятынын өнүгүшүнө таасир тийгизип, Адил баатыр Атилла жетектеп барган байыркы кыргыздар – гунндар Европаны колуна мыкчып кармап турган Рим кул ээлөөчүлүк мамлекетин 476-жылы баш көтөргүс кылып кулатып, феодализмге жол салган турбайбы деп калпагын көккө ыргытып мактанып чыгат го деп күтүп (2021-жылдын октябрь айы) жүрсөм, калпактын ордуна кепкасын баса кийип алып бирин-бири алып кетти, жулду, жеди (!) деп жамандап сүйлөгөндөн башка кеби жок кыкеңдерди көргөндөн кийин, ушундан көрө чукча-чүкө туугандарымдын жанына кетип калбай (!) деп өзүмө өзүм нааразы болдум.

“...Биздин мамлекет дагы (“Азия Ньюс”, 15-декабрь 2022-жыл) тарыхты унутта калтырбай каражат бөлүп берсе, казак туугандардан кем калбай кыргыз окумуштуулары кыргыздын тарыхын алып чыгат деп ишенем. Каражат жетпесе да жеке демилгелери менен иштеп жаткандарына таазим! Мен кыргыз болгонум үчүн сыймыктанам!” дейт “Колпоч баатыр” коомдук бирикмесинин жетекчиси Бактыбек Асынбаев. Урматтуу иним Бактыбек Асынбаев, кыргыз болгонуңа сыймыктануу үчүн Орозбек Айтымбетовдун 5 том кылып байыркы грек-рим тарыхчылары жазып кеткендерден сырткары археологиялык табылгалар менен далилдеп (археологиялык буюм, табылгаларды эч ким жок деп айта албайт), кыргыз элибиздин биздин заманга чейин 8 миң, 10 миң жылын мурун басып өткөн жолун “Кара Кыргыз” тарыхында жазып кеткенин окусаң болмок. 

Жылдан жылга унутулуп бараткан “Кара Кыргыз” тарыхын коргоо жана бүгүнкү кыргызга жеткирүү коомун түзүп, ушунун үстүндө талыкпай иштесең, ошондо кыргыз экендигиңе сыймыктанмак гана турсун “байыркы ата-бабаларым илимдин, искусствонун, жалпы эле маданияттын өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошкон акылман эл” деп кыйкырып чыкмаксың!

1. Самоэль Ной Крамер деген америкалык тарыхчы байыркы кыргыз-шумердин чопо тактадагы жазууларын окуп чыгып, “Тарых шумерден башталат” деген эмгегинде байыркы шумерлер астрономияга, медицинага, геометрияга, табигый билимдерге, географияга негиз салып кеткен деп жазган. Муну окумуштуулар туура деп кабыл алып келатышат. 

2. Жакыпбек Төлөгөнов (“Ала-Тоо” журналы, 2022-жыл, №8) “Бурганактуу азан-казан түшкөн мезгилдин инсаны” деген В.Путин жөнүндөгү публицистикалык макаласында “1930-жылдары Европада болгон илимий конференцияда чыгып сүйлөгөн тарыхчы шумерлердин макал-лакаптарынын 70-80%ы кыргыздыкы экен, бирок бир дагы кыргыз өзүн шумермин деп айтпайт экен” дептир. Мындан да кызыгы, “мамлекетти башкаруунун үч бутагы (азыркыча президент, парламент, сот) гректен чыккан деп жүрсөк, байыркы шумерден чыгыптыр” деп айтылыптыр. Бул кыргыз үчүн эмне деген сыймык, эмне деген мактаныч! Демек, О.Айтымбетовдун биздин заманга чейин 8 миң жыл мурун кыргыз мамлекети түзүлгөн дегенине аттын кашкасындай далил болуп атпайбы! Ушуларды билип алып сыймыктансаң жарашпайт беле!

3. Карачай-балкардын дүйнөгө белгилүү окумуштуу-тарыхчысы Исмаил Мусаевич Мизиев СССРдин илимдер академиясынын археология институтунун аспирантурасында окуп, шумердин чопо тактадагы жазууларын окуп чыгып, ошондон 56 сөздү мисал келтириптир. Бир-эки мисал: (1-шумерче, 2-анын орусчасы) “кыз – орусча девушка” деп берип, карачай-балкар дагы кыз деп айтаарын, ирик-валух, карачай-балкар дагы ирик деп айтаарын жазып кетиптир, 1998-жылы Москвадагы “Мир дому твоему” басмаканасынан англис, француз, немис, орус, араб, түрк, карачай-балкар 7 тилде чыккан “Ас-Алан” журналына.

О.Айтымбетовдун байыркы шумер б.з.ч. 4 миң жыл мурун Кен-Кыр деген жерден Эки-Дарыя аралыгына кеткен байыркы кыргыздар болчу деп жазганына дагы кандай далил керек?! Балдардын улуттук сезимин ойготуу үчүн “Кара Кыргызды” мектеп программасына киргизүү керек.

4. Ошол эле И.М.Мизиев “Ас-Алан” журналына “Судьба древней цивилизации стран Ближнего Востока и Передней Азии тесно связан со Скифами” деп жазып, бул цивилизация Европага жайылып, Жер Ортолук деңизинин айланасындагы мамлекеттер, Дунайдын боюндагылар менен Украинаны өз кучагына алып, Түндүк Кавказга чейин жеткен” деп жазыптыр. Скиф – байыркы кыргыз. Муну “тарыхтын атасы” Геродот баш болгон байыркы тарыхчылар жазып кеткен. Ишенбесең О.Айтымбетовдун “Кара Кыргызын” окуп чык.

“Ас-Алан” журналы аркылуу байыркы кыргыз – Скиф цивилизациясы Европаны өз кучагына алганын англо-француз, немис, арабдар билет. Бирок алар унчукпайт. “Биз айтсак, кыргыздын атак-даңкы бүт дүйнө жүзүнө “дүң” дей түшөт, андан көрө “артта калган элбиз, байкушпуз” деп жүрө беришсин” деп ичтеринен мыскылдап күлүп жүрүшөт. Ооба, аларга кыргыздын артта калганы керек!

Мизиев Исмаил Мусаевичтин “Ас-Алан” журналындагы скифтер боюнча жазгандарын 2022-жылы октябрь айында “Турар” басмаканасынан “Евроазияны дүңгүрөткөн байыркы кыргыз тарыхы” деген китепке киргизгем. Бүгүнкү өзүбүздүн акыл-эсибизди, жандүйнөбүздү акча жана байлык ээлеп алган кайдыгерлигибизден улуттук тарбиядан, каада-салттан, үлгүлүү жүрүш-туруштан, аялдарга, үй-бүлө күтүүгө жасаган адамгерчиликтин улуу үлгүсү болгон мамиледен кол жууп баратабыз. Буга кошумча, кыргыз тилибизге кыянаттык кылып, чоң шаарларды кой, алыскы тоо арасындагы айылдар да “продаётся”, “продаю” деп орусча жазып (бир түтүн орус жок) ага кошумча арабдын “халал” “харам” дегендери кеңири жайылып баратат. Эгер ушу бойдон жүрүп отурсак (мамлекеттик жетекчилер уйкуда, ойгоно элек), он беш, жыйырма жылдан кийин кыргызды улут катары жок кылып, жаныбыз тынат. Анткени жылдан жылга улуттук сезимибиз өчүп баратат. Улуттук сезим өчкөн жерде, улутту өлдү дей бер. Ошондо “эсил кайран кыргызым!” деп кошокту кошуп кала беребиз да.


Мукан Усубакунов, Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер