Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун: “Кылмышкерлер менен Садыр Жапаровдун Дубайдан жолугушканы туура эмес”

Турсунбек Акун: “Кылмышкерлер менен Садыр Жапаровдун Дубайдан жолугушканы туура эмес”

03-март, 09:00
623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбек мырза, Садыр Жапаровдун Кыргызстандын мурдагы президенттерин бир үстөлгө отургузуп, ынтымакка чакырганын кеменгерлик катары баалагандар бар. Азыр ар бир президенттин жактоочулары өздөрү мыкты деп эсептеген президенттердин таламын талашып, түрдүү пикирлерди айтышууда. Мурдагы президенттердин кимисинин күнөөсү аз, жакшы иштери көп? 

-- Садыр Жапаровдун Кыргызстандын мурдагы президенттерин ынтымакка чакырганын, кээ бирин “Бишкекке алып келем” дегенин колдой турган нерсе. Муну айкөлдүк, кеменгерлик десе дагы болот. Мамлекеттин мурдагы жетекчилери андай сыйга татыктуу болсо, жакшы иштесе, элге каршы ок атпаса, Кыргызстандын жерин башка мамлекетке мыйзамсыз берип жиберишпесе, канчалаган адамдардын канын төгүп, каргышка калышпаса, мен да Садыр Жапаровдун бул кадамын айкөлдүк, кеменгерлик катары баалайт элем. Чынында президенттердин башка өлкөдө качып же баш калкалап жүрүшү – мурдагы башчылар үчүн да, Кыргызстандын эли жана кыргыз улуту үчүн дагы уят иш. Мен көп жылдар бою Аскар Акаев тууралуу ойлонуп жүрдүм. Мамлекет үчүн жасаган жакшы иштерин, калпыстыкка жол берген иштерин да таразалап көрдүм. Ырас, мамлекет үчүн жакшы иштерди жасады. Бирок, катачылыктары да, мамлекетибизге жасаган кыянатчылыгы да жетиштүү. Өз элине аткан октон Аксынын кырчындай жигиттери курман болушту. Анын режимине каршы ачкачылык кармап, Шералы Назаркулов каза болду. Мына ушундай алешемдиктеринин жыйынтыгы революция менен бүтүп, акырында эл көтөрүлүп, Россияга качып кетти. “Акаев камалсын” деп канча аракет кылдык, бирок анын үстүнөн иш козголгон жок. “Акаев соттолушу керек” деген соттун чечими жок болсо да, бир туугандары өлгөндө топурак салганга келген жок. Моралдык күнөөсүн сезген үчүн Чыңгыз Айтматов каза болгондо, эл күтсө дагы келе албады. Анткени, анын бети кара. Өзүнүн күнөөсүн сезет. Бирок, олчойгон күнөөсү турса да, кыргыз элинен кечирим сурап койгонго жараган жок. Кечирим суроого амбициясы жол бербеди. Элден кечирим сураганга акчасы деле кетпейт эле, бирок ал үч мүнөт убактысын аяды. Кумтөр иши болбосо чакыртат беле, Кудай билет. Садыр Жапаров өзү кепилдик бергенден кийин келип сурак берди. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Кумтөрдүн Кыргызстанга өтүшүнө кошкон салымы үчүн анын күнөөсүн кечишти. Тагыраагы, толугу менен акташты. 

Бирок, эң жаман иштердин баары Акаевдин доорунда башталды. Шайлоо системасы бузулду. Президент башы менен “талапкерлердин бергенин ала бергиле, өзүңөр каалаганга сала бергиле” деп элди туура эмес жолго салды. Эми кошомат кылып элге кайрылуу жасаганга моралдык укугу жок. Бардык нерсе өз баасын алышы керек. Акаев ушул убакка чейин укуктук, моралдык баасын ала элек. Чындык үчүн адам сөзсүз түрдө жасаган күнөөсүн тартышы керек. Ошол сыяктуу эле Курманбек Бакиевдин жакшы да, калпыс да иштери бар. Мактоого татыган жери – ал президент болуп турган мезгилде өндүрүш өнүктү, экономика көтөрүлдү. Бирок, анын баарын жокко чыгарып, кызматтан кетеринде 87 баланын каны төгүлүп, 500 адам жаракат алып, 100дөй аял жесир, 150дөй бала жетим калган. Азыр соцтармакта жалгыз эле Атамбаев жакшы иштеп, башкасы иштин көзүн таппагандай пиар кампания жүрүп жатат. Калыстык үчүн мурдагы президенттерин жакшы жагын да айтайын. Жалгыз Атамбаев эле жакшы иштерди жасаган жок. Бакиевдин учурунда дагы айлыктар көтөрүлгөн. Канчалаган ишканалар салынган. Тилекке каршы, жакшы иштери 87 баланын каны менен жана Баяман Эркинбаев, Рысбек Акматбаев, Медет Садыркуловдун буюртма өлтүрүүлөрү менен жуулуп кетти. Бакиевдин доорунда дагы канчалаган журналисттер азап тартышты. Бир туугандарын, балдарын мамлекеттик кызматка аралаштырды. Кыскасы, ал да мына ушул иштердин баарына жооп бериши керек. 

-- Атамбаевдин да жакшы иштери, мактоого арзыган жагы барбы? 

-- Албетте, бар. Атамбаев Көчмөндөр оюндарын уюштуруп, чоң иштерди жасады. Экономиканы көтөрдү. Бирок, жакшысынан жаманы да толтура болду. Туура эмес иштери үчүн 11 жылга кесилди. Дагы 6-7 беренеге жооп бериши керек. Анткени, Кой-Таш окуясында Үсөн Ниязбеков каза болду. Кан төгүлдү. Самат Курманкулов майып болуп калды. Канчалаган адамдар жаракат алды. Атамбаевдин доорунда Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү куугунтукка алынды. Текебаев баштап камалды. Өзү менен чогуу жүргөндөрдү кордоп, оппозициянын өкүлдөрүн камады. Журналисттердин үстүнөн иш козготту. Кыскасы, элди бир топ эле беймазага салды. Бирок, ушунча күнөөсү бар Атамбаев Курманбек Бакиевге сынтага турган жерде эмес. 2010-жылкы түштүк окуясында дагы Атамбаевдин күнөөсү бар. Ошондуктан ал “кан төктү” деп Бакиевге асылбай эле койгону оң. Анткени, Атамбаевдин күнөөсү Бакиевдикинен ашса ашат, кем калбайт. 

-- Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбековчу? Алар кыска убакыт иштеп, алешемдиктерге жол бергенге үлгүрбөй калдыбы, же?.. 

-- Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын жакшы иштери, катачылыктары да болду. Роза Отунбаева Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн арасында жалгыз аял экенине карабай, жоопкерчиликти мойнуна алды. Кыргызстандын тышкы байланышын жакшыртты. Башаламандык мезгилде өлкөбүздү оор жагдайдан сактап калды. Бирок, 2010-жылкы Июнь окуясын алдын алалган жок. Чоң күнөөсү ошол. Чынында кыска убакытка президент болсо да, жакшы иштерди жасай алды. Сооронбай Жээнбеков болсо айыл чарбасын жандандырды. Тилекке каршы, октябрда өткөн шайлоодо кызматынан кетти. 

-- Айтмакчы, эл арасында “президент Садыр Жапаров 11-30 жылга соттолгон кылмышкерлер менен жолугуп, алешемдикке жол берди” деген кептер да арбын айтылууда. Бул маселе боюнча кандай ойдосуз? 

-- 30 жылга, 11 жылга кесилген, же болбосо убактылуу соту токтоп турган, 90 миң гектар жерди Кытайга мыйзамсыз берип салган, Аксы окуясын уюштуруп, чоң кылмыштарды жасаган адамдар менен Садыр Жапаровдун Дубайда жолугушуусу мыйзам жагынан караганда туура эмес. Президент – бул мамлекеттин символу, Конституциянын кепили. Ушундай даражасы бийик адам оор кылмыштар менен кесилген адамдар менен жолукканы кылмыш болуп эсептелет. Тагыраагы, кылмышкерлер менен жолугушуусу айкөлдүккө кирбейт, тескерисинче, кылмыш болуп эсептелет. Президент ошону түшүнүшү абзел. Тобокелге салбай, ушундай иштерди саясый жана коомдук күчтөрдүн башын бириктирип, чоң жыйын куруп, акылдашып алып анан жасаса, мынчалык сынга кабылмак эмес. Себеби, кылмышкердин колун кармаган адам да кылмышкер болуп калат. Президент ошону түшүнүшү керек. Ал издөөдө жүргөн мурдагы президенттерди мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, колунан кармап, Кыргызстанга алып келиши керек болчу. Кыргыз эли кечиримдүү эмеспи, Садыр Нургожоевичтин мындай кадамдарын кечиребиз. Ал Дубайга “айкөлдүк кылайын, баарын бириктирейин” деген жакшы ой менен барганын түшүнөбүз. Бирок, мындан ары мындай алешемдиктерге жол бербей, кеңешип иш кылышы керек экенин эскертип да коюшубуз зарыл. Мени президенттин катачылыгын айта турган жерден аны мактап кошомат кылгандар таңгалдырды. Кошоматтын ичинде мурдагы депутаттар, Акүй-Көкүйдө иштеген мурдагы премьерлер, төрагалар, коомдук ишмерлер болду. Ураалап мактабай, ошолордун баары президентке ачык айтып, эскертүү берсе болмок. Мактап-жактап, ээлеп турган кызматын бекемдеп алганды гана ойлошот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер