Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмомали Рахмондун куда-сөөгү башкарган бизнестер урап жатат

Эмомали Рахмондун куда-сөөгү башкарган бизнестер урап жатат

01-октябрь, 15:35
627 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Тажик президенти Эмомали Рахмондун куда-сөөгү башкарган бизнес тармагы акыркы маалда солгундап, Дүйшөмбүдөгү ар түрдүү объекттери сатылып жатканы белгилүү болду. 
«Eurasinet» басылмасы Чехияда чыккан «Akhbor» сайтына таянуу менен Рахмондун кудасы сатып жаткан ири бизнес жайлары тууралуу маалымат чыгарды. Тажик президентинин кызы Заринанын кайнатасы Бег Сабур башкарган компания сентябрь айында Дүйшөмбүнүн чок ортосундагы алты кабаттуу мейманкананы базар баасынан арзан, 500 миң долларга сатып жиберди. Бул имарат эки ай мурда курулган.
Сабурдун уулу башкарган «Минионс» аттуу балдардын ири оюн-зоок борбору алты ай мурда жабылып, азыр жаңы кожоюндары иштеткени турат. Сабур башында турган, өлкөнүн телекоммуникация тармагы үчүн курулган 30 кабаттуу имаратты да былтыртан бери кара кулпу кайтарууда. Бул имараттын мамлекеттик деген статусу болгону менен ачылгандан бери эле Сабурдун жетегинде болчу.
«Азия Ньюс» гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер