Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Кайын сиңдимдин өлүмүнө мени күнөөлөшүп...
Кайын сиңдимдин өлүмүнө мени күнөөлөшүп...
04-май, 12:00
598 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жолдошум экөөбүздүн үч уулубуз бар. Беш айдан бери кайын сиңдим турмушубузга кирише берип, мени төркүнүмө айдашты. Ошентип жүрүп, кайын сиңдим ооруп калып, кайтыш болуп кетти. Анан кайнагам мени алып келди “жаман иштер болуп кетти, эми жакшы жашоону улап, жакшы күндөр келсин, жашагыла” деп. Мен балдарым үчүн баарына макул болуп келгем. Эми мени күнөөлөп жатышат, “сенин айыңдан өлдү кызым” дешип. “Сенде күнөө жокпу?” дешиңер мүмкүн, бирок үндөбөй жүргөн сайын басмырлап бүтүштү. Эмне кылсам, биротоло кетип калсамбы?
Жолдошум да мени күнөөлөп атат. Ичимден сыгылып бүттүм. “Бирөө бир жакшы сөз сүйлөбөсө, эмне кереги бар жашап?” деп ойлонуп отурам. Кеңеш бериңиздерчи!
Гүлнар