Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Узенбаев: “Жүз миңдеген шайлоочулардын укуктары бузулганы турат”

Бакыт Узенбаев: “Жүз миңдеген шайлоочулардын укуктары бузулганы турат”

22-ноябрь, 13:22
1 179 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өткөн шайлоодон кийин “Форма-2” тартиби жокко чыгарылды. Жүз миңдеген шайлоочунун добушу үчүн башкача тартиптерди киргизсек болмок.  Бул шайлоочулардын укугу тууралуу сунушту сиз көтөрүп чыгыпсыз?

-- Азыркы учурда болуп жаткан окуяларга өз пикиримди билдирүү менин парзым деп эсептейм. Президентибиздин “өлкөбүздө таза шайлоо өткөрөлү” деген пикирине карата өлкө президентине, БШКга жана кыргыз элиме кайрылам. Былтыркы шайлоодо болгон мыйзамсыздыктардын натыйжасында “Форма-2” жокко чыгарылган. Анын себеби эмне экенин баарыбыз жакшы билебиз. Былтыркы акчалуу партиялар тийешеси жок адамдарды да машиналап ташып жүрүп, мыйзамдын бузулушуна алып келишти. Революцияга жеткиришти. Бирок ошол адамдар жазасын албай, кайрадан шайлоого бара жатышат. Мен сунуш кылат элем, азыркы күндө 200 миңден ашык студенттер, жүз миңден ашык ички миграцияда, чет өлкөдө жүргөн адамдарыбыз шайлоо укугунан ажырап, катыша албай жатышат. Кыргыз Республикасынын Конституциясында өлкөнүн 18 жашка толгон ар бир адамынын шайлоого жана шайланууга укугу бар. Демек, шайлоого катыша албаса, укуктары бузулат. Азыр шайлоо участкасына байлап коё турган эски заман өттү. Санариптештирүү киргизилип, баары биометрикадан өтүп туруп, эмнеге кайра эле баягы эски замандай өзү туулган жериндеги шайлоо участкасына барышы керек? Ким кайсы шайлоо участкасына жакын болсо, паспортун алып барып эле шайлоого катышууга укуктуу. Мына ушул кыргыздын шайлоого болгон укугун камсыздоону президентибизден суранат элем. Борбордук шайлоо комиссиясына жана парламентте отурган депутаттарга да кайрылат элем, чукул шайлоо комиссиясын чакырып, элдин бул укугун камсыздап бериши зарыл. Эгер андай болбосо, өз укугубуз үчүн биз сотко кайрылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. 

Ошондуктан “кайсы партияга добуш берет?” дебестен, Кыргызстандын ар бир жараны өз эркин билдирүүгө шарт түзүп, шайлоо укугу менен камсыз кылууңуздарды сурайм. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер