Жамин Акималиев: “Садыр Жапаровду интеллигенция жигердүү колдойт”


Кыргыз илимий изилдөө дыйканчылык институтунун директору, академик менен маек.
-- Жамин агай, бу сапар кыргыз эли кайсы талапкерди колдоп, кимге ишеним артышы мүмкүн?
-- Менимче, Садыр Жапаровго ишеним чоң. Анткени, октябрь айында көтөрүлгөн эл аны өз колу менен алып келип мамлекеттин жана өкмөттүн башчысы кылып отургузган. Ошондуктан, калың журт жана интеллигенция Садыр Жапаровду жигердүү колдойт деген пикирдемин.
-- Эл бул сапар талапкерлердин эмнесине карап добуш бериши мүмкүн?
-- Шайлоочулар бу сапар президенттикке талапкерлердин басып өткөн жолун баалап, жасаган ишин иликтеп, инсандык жана мекенчил сапатына көңүл бурат деп ойлойм. Мындан тышкары, жаңы жүздөрдү издешет, анткени эл эски саясатчылардан тажап бүттү.
-- “Президент болот элем” дегендердин арасында абалды курчутуп, саясаттын нугун башка жакка бура салайын дегендер жокпу?
-- Андай "азаматтар" бар. Алар: Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков...
-- Бу сапар кимдин жылдызы жанып, ким президент болушу мүмкүн?
-- Бул жолу Садыр Жапаровдун жылдызы жанып турат. Анын жүрөгү таза, ою тунук. Эл үчүн башын канжыгага байлап, кыйынчылыкка төшүн тоскон жигит. Жалпы элибиздин көпчүлүгү аны жактырат. Айткан сөздөрү ачык жана түшүнүктүү. Көйгөйлүү жана олуттуу маселелерди чечүүгө саясый эрки жетет. Көп жылдары адилетсиз бийликтин азабын тартып, чыныгы акыйкатчылыктын эмне экенин жакшы түшүнөт. Коррупция менен катуу күрөшүп, аны тап катары жоготууга күчү жетет. Менин терең ишенимимде келерки жылдын 10-январында Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп шайланат.
-- Референдум президенттик шайлоо менен бир күндө болсо, мамлекет үчүн да, шайлоочулар үчүн да пайдалуубу?
-- Албетте, экөө бир күндө болсо, каражат жагынан аябай чоң үнөм болот. Ошондой эле эки маанилүү кампаниянын бир эле күнү чогуу өтүшү жүйөлүү иш. Себеби, мамлекет башчысын шайлоо жана өлкөнү башкаруунун системасын аныктоо бири-бири менен тыгыз байланышта. Эл дагы эки жолу убара болбойт. Тагыраагы, экөө бир күндө өтсө болот деген чечим абдан туура.
"Азия Ньюс" гезити











